https://sputnik.kg/20260219/1099823090.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК өлкөдө террорчуларга алданган окуучулар бар экенин билдирдиАКШнын Жакынкы Чыгышка авиация күчтөрүн арбын топтоп жатканы айтылуудаКыргызстанда үч жаңы... 19.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-19T13:00+0600
2026-02-19T13:00+0600
2026-02-19T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/13/1099822924_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dbc2d7a834b4fb2bb4dde833b15406f1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК өлкөдө террорчуларга алданган окуучулар бар экенин билдирдиАКШнын Жакынкы Чыгышка авиация күчтөрүн арбын топтоп жатканы айтылуудаКыргызстанда үч жаңы министр жана УКМКнын төрагасы дайындалды Садыр Жапаров үч жаңы министрди дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Алардын талапкерлиги бир күн мурда Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган. Өзгөчө кырдаалдар министри болуп Урматбек Шамырканов дайындалды. Ал жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин көзөмөлдөйт. Транспорт жана коммуникациялар министри болуп Талантбек Солтобаев дайындалды. Анын милдетине жол инфраструктурасын өнүктүрүү, транспорттук логистика жана байланыш системаларын жаңылоо кирет. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп Акыл Токтобаев дайындалды. Ал жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу, экологиялык саясат жана техникалык коопсуздук тармагын көзөмөлдөйт. Тийиштүү жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.
УКМК өспүрүмдөрдү интернет аркылуу радикалдуу жана экстремисттик топторго тартуу коркунучу жөнүндө эскертүү берди. Соңку алты ай ичинде күч түзүмдөрү террористтик уюмдардын мүчөлөрү өспүрүмдөрдү азгырган бир нече фактыны аныкташкан. Айрым шектүүлөрдү теракт даярдоо стадиясында, ал эми башкаларын онлайн нускамалар боюнча жардыруучу заттарды даярдоо учурунда кармашкан. “Дистанциялык радикализация — бул өспүрүмдөрдү социалдык тармактар, мессенджерлер жана веб-сайттар аркылуу туура эмес көз караштарды бөлүшүүгө, зомбулук көрсөтүүнү жана мыйзамды бузууну актоого ишендирүүчү процесс. Айрым учурларда өспүрүмдөр жардыруучу заттарды жасоого үйрөтүлүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салууга үгүттөлөт”, — деди УКМК.Мекеме жаштардын радикализациясын алдын алуу үй-бүлөнүн, мектептин жана мамлекеттин биргелешкен иши аркылуу гана жүзөгө ашарын эскертет.
Саламаттык сактоо министри нефролог Насира Бейшебаеваны эркинен ажыратпай, башка бөгөт чарасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо керектигин билдирди Каныбек Досмамбетов ишти иликтеп жаткан маморгандар менен байланышкан. Ал мыйзам бузууларды жашырууга, аны менен катар эле дарыгерлерди негизсиз куугунтуктоого да жол берилбестигин белгилеген. Министр көз карандысыз эксперттик корутундуларга таянып, калыс чечим чыгарууга үндөдү. Буга чейин 15 жаштагы кыздын энеси арыз менен кайрылып, нефрологдун туура эмес дарылоосунан улам кызынын оң бутун кесип салууга туура келгенин айткан. Кечээ Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери президентке кайрылып, ишти калыстык менен карап чыгууну өтүнүшкөн.
АКШ Жакынкы Чыгышка эң көп авиация күчтөрүн топтоп жаткандыгын кабарлаган Уолл-стрит джорнэл Ирак согушунан бери мындай боло электигин жазды. АКШ аймакка алгач F-35 жана F-22 истребителдерин жөнөткөн. Ошондой эле сокку уруучу учактар жана радиоэлектрондук учактар жүктөлгөн ташыгыч кеме да келе жатат. "АКШ Иранга каршы бир нече жумага созулган аба чабуулдарын жасашы ыктымал. АКШнын президенти Дональд Трампка Ирандын саясий, аскердик жетекчилигин жана өзөктүк, ракеталык программаларга тиешеси бар объектилерди жок кылуу боюнча варианттар сунушталган. Азырынча ал конкреттүү чечим кабыл ала элек", — деп басылма жазган. Өзөктүк курал боюнча иран-америка диалогу 17-февралда аяктаган.
УКМК өлкөдө террорчуларга алданган окуучулар бар экенин билдирдиАКШнын Жакынкы Чыгышка авиация күчтөрүн арбын топтоп жатканы айтылуудаКыргызстанда үч жаңы министр жана УКМКнын төрагасы дайындалды Садыр Жапаров үч жаңы министрди дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Алардын талапкерлиги бир күн мурда Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган. Өзгөчө кырдаалдар министри болуп Урматбек Шамырканов дайындалды. Ал жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин көзөмөлдөйт. Транспорт жана коммуникациялар министри болуп Талантбек Солтобаев дайындалды. Анын милдетине жол инфраструктурасын өнүктүрүү, транспорттук логистика жана байланыш системаларын жаңылоо кирет. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп Акыл Токтобаев дайындалды. Ал жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу, экологиялык саясат жана техникалык коопсуздук тармагын көзөмөлдөйт. Тийиштүү жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди. УКМК өспүрүмдөрдү интернет аркылуу радикалдуу жана экстремисттик топторго тартуу коркунучу жөнүндө эскертүү берди. Соңку алты ай ичинде күч түзүмдөрү террористтик уюмдардын мүчөлөрү өспүрүмдөрдү азгырган бир нече фактыны аныкташкан. Айрым шектүүлөрдү теракт даярдоо стадиясында, ал эми башкаларын онлайн нускамалар боюнча жардыруучу заттарды даярдоо учурунда кармашкан. “Дистанциялык радикализация — бул өспүрүмдөрдү социалдык тармактар, мессенджерлер жана веб-сайттар аркылуу туура эмес көз караштарды бөлүшүүгө, зомбулук көрсөтүүнү жана мыйзамды бузууну актоого ишендирүүчү процесс. Айрым учурларда өспүрүмдөр жардыруучу заттарды жасоого үйрөтүлүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салууга үгүттөлөт”, — деди УКМК.Мекеме жаштардын радикализациясын алдын алуу үй-бүлөнүн, мектептин жана мамлекеттин биргелешкен иши аркылуу гана жүзөгө ашарын эскертет. Саламаттык сактоо министри нефролог Насира Бейшебаеваны эркинен ажыратпай, башка бөгөт чарасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо керектигин билдирди Каныбек Досмамбетов ишти иликтеп жаткан маморгандар менен байланышкан. Ал мыйзам бузууларды жашырууга, аны менен катар эле дарыгерлерди негизсиз куугунтуктоого да жол берилбестигин белгилеген. Министр көз карандысыз эксперттик корутундуларга таянып, калыс чечим чыгарууга үндөдү. Буга чейин 15 жаштагы кыздын энеси арыз менен кайрылып, нефрологдун туура эмес дарылоосунан улам кызынын оң бутун кесип салууга туура келгенин айткан. Кечээ Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери президентке кайрылып, ишти калыстык менен карап чыгууну өтүнүшкөн. АКШ Жакынкы Чыгышка эң көп авиация күчтөрүн топтоп жаткандыгын кабарлаган Уолл-стрит джорнэл Ирак согушунан бери мындай боло электигин жазды. АКШ аймакка алгач F-35 жана F-22 истребителдерин жөнөткөн. Ошондой эле сокку уруучу учактар жана радиоэлектрондук учактар жүктөлгөн ташыгыч кеме да келе жатат. "АКШ Иранга каршы бир нече жумага созулган аба чабуулдарын жасашы ыктымал. АКШнын президенти Дональд Трампка Ирандын саясий, аскердик жетекчилигин жана өзөктүк, ракеталык программаларга тиешеси бар объектилерди жок кылуу боюнча варианттар сунушталган. Азырынча ал конкреттүү чечим кабыл ала элек", — деп басылма жазган. Өзөктүк курал боюнча иран-америка диалогу 17-февралда аяктаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/13/1099822924_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3d04a0559ff4656a2dc083daade2cdc4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио