00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:04
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
«Аян»: психологиялык драма, адамдын ички дүйнөсүнө саякаттаган жаңы тасма
19:11
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Структура личности
«Моя юность прошла в Афганистане» - личная история Игоря Чапышева
20:10
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Гематологиялык ооруларды кантип алдын алса болот?
21:08
51 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда оор кылмыш жасагандар өмүр бою камакта калат. Жаңы мыйзам долбоору сунушталдыOld Bishkek имаратынын курулушу убактылуу токтотулат Болот Ибрагимов ЖКнын жаңы вице-спикери болушу мүмкүнАлдыда кененирээкКарим Ханджеза 19-февралда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери кызматынан өз ыктыяры менен кеткенин билдирди. Ал бул чечимин жеке жагдайлар менен байланыштырды. Анын ордуна «Мекенчил» депутаттык тобу Болот Ибрагимовдун талапкерлигин сунуштады. Парламент төрагасы тиешелүү комитеттен бул маселе боюнча корутунду берүүнү өтүндү. Андан кийин депутаттар добуш бериши керек.
Кыргызстанда балдарга жана аялдарга зомбулук көрсөтүү, зордуктоо жана өлтүрүү үчүн өмүр бою камакка алуу жазасын киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоорун президенттин администрациясы коомдук талкууга чыгарды. Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, педофилия жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн мүлкүн конфискациялап, өмүр бою эркинен ажыратуу (альтернативасыз) жазасы белгилениши мүмкүн. Буга чейин бийлик бул кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган. Бирок Конституциялык сот жогорку жаза чарасын кайра киргизүү болбой турганын билдирген.
Бишкек мэриясы объектинин мындан аркы тагдыры келерки жумада шаар куруу кеңешинде караларын билдирди. Шаар бийлиги объектиге бир нече ирет барып, долбоордук документтерди жана шаар куруу нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. “Долбоорду тиешелүү документтерге жана шаар куруу талаптарына ылайык келтирүүгө чакырганбыз. Бирок ага карабастан курулуш иштери уланган”, — деди Айбек Жунушалиев. Муниципалитет бул маселе боюнча текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен Курулуш министрлигине расмий кат жолдогон.
Россия КМШ мамлекеттеринин өз алдынчалуулугуна урмат менен мамиле кылат, дал ушул позициядан туруп көпчүлүгү менен союздаштык алаканы өнүктүрүүдө. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин "Валдай" эл аралык клубунун аянтчасынан билдирди. "Биз аталган өлкөлөрдүн суверенитетин, көз карандысыздыгын сыйлайбыз, теңчилик позициясынан туруп союздаштык жана өнөктөштүк байланыштарды чыңдап жатабыз", — деди ТИМ өкүлү. Галузин муну менен бирге ар багыттагы, карама-каршылыктуу да түшүнүктөр бар экенин, мурда СССРдин курамында болуп, кийин Батышка ыктаган мамлекеттерде Россиянын кызыкчылыгына доо кетире турган көрүнүштөр кездешерин белгилеген.
Владимир Зеленский Женевада сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда АКШнын президенти Дональд Трампка сынын жаадырды. Бул туурасында The Sun басылмасы жазды. "Зеленский Трамптын жаңжалды жөнгө салып, тынчтык орнотуу боюнча ыкмасын "адилетсиз" деп сындап, Украина АКШны эч качан кечирбей турганын айтты", — деп жазылган маалыматта. Мындан мурдараак сүйлөшүү ортолоп калганда Зеленский Трамп Киевге пайдалуу болбогон чечимди кабыл алып койду деп кооптонуп жатканы кабарланган. Андан сырткары, адилетсиз кадам жасады деген сын-пикирлерин да билдирип жиберген. Буга Ак үйдүн расмий өкүлү Каролин Левитт жооп узатып, Трамптын максаты жаңжалды жөнгө салуу экенин кошумчалаган. Белгилей кетсек, жакында эле Россия, АКШ жана Украинанын Женевадагы үч тараптуу сүйлөшүүсү аяктады. Россиянын делегациясын жетектеп барган РФ президентинин кеңешчиси Владимир Мединский диалог оор, бирок иштиктүү болгонун айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0