Жыл башынан бери иш издегендердин саны 4,1 пайызга азайды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги адамдар. Архив
Бишкектеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2022
Жазылуу
Жумушу жоктордун басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (20 миң киши), Ош (17 миң) жана Баткен облустарында (11 миң) жашайт. Калган аймактарда ишсиз адамдардын саны 7 миңден төмөн.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Быйылкы жылдын алты айында өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу иш издегендер 4,1 пайызга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына таянып Улуттук статистика комитети билдирди.
"2022-жылдын 1-июлуна чейин өлкө боюнча ишсиз катары расмий каттоого туруп, жумуш издегендердин саны 100,6 миңди түздү. Бул былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 4,1 пайызга төмөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Булардын ичинен 75,2 адам — дагы деле каттоодо тургандар. Калганы — сунушталган жумуштардан эки жолу баш тарткан жарандар.
Иштеген иши жоктордун басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (20 миң киши), Ош (17 миң) жана Баткен облустарында (11 миң) жашайт. Калган аймактарда жумушу жоктордун саны 7 миңден төмөн.
Маалыматка караганда, өлкөдө бул топко кирген жарандардын 44,8 пайызы аялдар.
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Бишкекте жумушсуздарга автоунаа айдаганды акысыз үйрөтүү пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0