https://sputnik.kg/20220907/kumtor-okmtot-maalymat-berishin-talap-kyldy-1067624532.html
Кумтөрдөн канча акча түшүүдө? Депутаттар шайлоочулардын талабын айтты
Кумтөрдөн канча акча түшүүдө? Депутаттар шайлоочулардын талабын айтты
Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү Теңиз Бөлтүрүк эмнеге кызматтан кеткени суроо жаратып жатканын белгиледи. 07.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-07T11:25+0600
2022-09-07T11:25+0600
2022-09-07T11:34+0600
кыргызстан
саясат
кумтөр
депутат
өкмөт
маалымат
угуу
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1f/1052672059_0:80:3072:1808_1920x0_80_0_0_5eaffa6204f33be0816c7ca069e27834.jpg
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал боюнча министрлер кабинетинин маалымат беришин талап кылды.Эл өкүлү Шайлообек Атазов шайлоочулар Кумтөрдүн алтынын сатууда канча киреше түшүп жатканын билүүгө кызыгып жатканын белгиледи.Ал эми Исхак Масалиев президент Садыр Жапаров Кумтөр келишим боюнча июль айында толук маалымат берүүнү убадалаганын эске салды.Өкмөттүн маалыматын угуу сунушун депутат Тазабек Икрамов дагы колдоду.
https://sputnik.kg/20220827/sadyr-zhaparov-kumtor-altyn-1067255217.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1f/1052672059_244:0:2975:2048_1920x0_80_0_0_a8b58f044631f6f5e88c6607529903c1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, кумтөр, депутат, өкмөт, маалымат, угуу
кыргызстан, саясат, кумтөр, депутат, өкмөт, маалымат, угуу
Кумтөрдөн канча акча түшүүдө? Депутаттар шайлоочулардын талабын айтты
11:25 07.09.2022 (Жаңыртылды: 11:34 07.09.2022) Эл өкүлү Теңиз Бөлтүрүк эмнеге кызматтан кеткени суроо жаратып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал боюнча министрлер кабинетинин маалымат беришин талап кылды.
Эл өкүлү Шайлообек Атазов шайлоочулар Кумтөрдүн алтынын сатууда канча киреше түшүп жатканын билүүгө кызыгып жатканын белгиледи.
"Кумтөр Кыргызстанга өтсө бакубат жашайбыз, сырткы карыздардан кутулабыз дегенбиз. Бүгүнкү күндө кандай иштеп жатат, Теңиз Бөлтүрүк эмне үчүн жумуштан алынды? Эсеп палатасы кандай текшерүү жүргүзгөнү боюнча маалымат алышыбыз керек. Президенттин, элдин үмүтү акталып жатабы? Бөлтүрүк менен кошо Улуттук банктын төрагасы дагы келип айтып берсин", — деди Атазов.
Ал эми Исхак Масалиев президент Садыр Жапаров Кумтөр келишим боюнча июль айында толук маалымат берүүнү убадалаганын эске салды.
"Бул маселе курч болуп турат, чын эле депутаттар билишибиз керек. Кимге эмне беребиз, кандай пайда-зыяны болуп жатат? Иштин баары бир эле Бөлтүрүктө эмес, ал жөн гана бир аткаруучу, "чагылган таяк" десек болот. Келишимге кол койгон "Кыргыз алтындын" жетекчиси азыр кызматтан кеткен. Башында катышкан бардык кишилерди чакырышыбыз керек", — деди Масалиев.
Өкмөттүн маалыматын угуу сунушун депутат Тазабек Икрамов дагы колдоду.