Канттын "Абдыш-Ата" командасы Кыргызстандын футбол боюнча кубогун утту. Видео

© Фото / пресс-служба КПЛКанттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу 2022-жылдагы Кыргызстандын кубогу мелдешин жеңди
Канттын Абдыш-Ата футболдук клубу 2022-жылдагы Кыргызстандын кубогу мелдешин жеңди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2022
Жазылуу
Акыркы жана чечүүчү топту атаандаштарынын дарбазасына "Абдыш-Атанын" Атай Жумашев аттуу оюнчусу 26-мүнөттө киргизген.
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу 2022-жылдагы Кыргызстандын кубогу мелдешин жеңди.
Финалдык беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, "Абдыш-Ата" Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасын 1:0 эсебинде уткан. Акыркы жана чечүүчү топту атаандаштарынын дарбазасына "Абдыш-Атанын" Атай Жумашев аттуу оюнчусу 26-мүнөттө киргизген.
Мелдештин жүрүшүн Kyrgyz Sport TV youtube каналы түз алып көрсөттү.
Жапаров катышкан футбол кандай өттү? Ардагерлердин оюнунан сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Жапаров катышкан футбол кандай өттү? Ардагерлердин оюнунан сүрөттөр
Кыргызстандагы соңку кабарлар жана окуялар.
Жаңылыктар түрмөгү
0