Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Министрдин орун басары Чолпон-Ата форуму жөнүндө: жаштар кубанычта болду

© Sputnik / Эркин Садыков"КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар форумунун жыйынтыгы: кандай демилгелер ишке ашырылат" аттуу видеокөпүрөсү
КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар форумунун жыйынтыгы: кандай демилгелер ишке ашырылат аттуу видеокөпүрөсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2022
Жазылуу
Надырбековдун айтымында, форумдун айрым делегаттары дагы бир нече күн калууну каалаган.
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Чолпон-Атада болгон КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар форумуна катышкандардын иш-чарадан алган таасирлери тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык пресс-борборунда өткөн "КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар форумунун жыйынтыгы: кандай демилгелер ишке ашырылат" аттуу Москва — Бишкек — Ереван — Минск видеокөпүрөсүнүн жүрүшүндө маалымат берди.
Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргызстан меймандос өлкө экени белгилүү, андыктан катышуучуларга жакшы таасир калтыруу үчүн бардык аракеттер көрүлгөн.
"Биз маданиятыбызды, анын ичинде көчмөн маданиятыбызды көрсөтөлү дедик. Кырчын жайлоосунда өткөн форумдун акыркы күнүндө 200дөн ашык адамдын катышуусунда маданий программа уюштурдук. Буга чейин мындай иш-чараларды эл аралык делегациялардын жетекчилерине, президенттерине көрсөтүп келгенбиз. Бул жолу ушундай эле деңгээлде жаштарга уюштурдук", — деди ал.
Надырбеков форумдун катышуучуларынын көбү Кыргызстанга алгачкы ирет келип, маданияты менен таанышканын кошумчалады.
"Жаштар өтө кубанычта болушту. Форум Ысык-Көлдүн жээгинде өткөндүктөн, катышуучулар үчүн кеме менен саякат уюштурулду. Мындай майда нерселер жана чын дилден жасалган мамиле иш-чарадан жакшы таасир калтырат эмеспи. Кээ бир делегаттарыбыз дагы бир нече күн калууну каалады! Бул форумдун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдиребиз", — деди ал.
© Фото

Жаштар форуму 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн

Жаштар форуму 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн - Sputnik Кыргызстан
1/2

Жаштар форуму 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн

© Фото

Ал ЕАЭБ жана КМШнын алты өлкөсүнөн келген жаш активисттердин, дипломаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин башын бириктирген

Ал ЕАЭБ жана КМШнын алты өлкөсүнөн келген жаш активисттердин, дипломаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин башын бириктирген - Sputnik Кыргызстан
2/2

Ал ЕАЭБ жана КМШнын алты өлкөсүнөн келген жаш активисттердин, дипломаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин башын бириктирген

1/2

Жаштар форуму 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн

2/2

Ал ЕАЭБ жана КМШнын алты өлкөсүнөн келген жаш активисттердин, дипломаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин башын бириктирген

Жаштар форуму 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн. Ал ЕАЭБ жана КМШнын алты өлкөсүнөн келген жаш активисттердин, дипломаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин башын бириктирген.
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан I Жаштар форумунун катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштары 10 долбоор сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0