Улуу тоолордогу улуу махабат. Кожожаш менен Зулайканын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik / Александр Федоров
КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Догдурбек Кыдыралиев менен таланттуу актриса Гүлнара Кадралиеванын сүрөтү 1984-жылы Чүй облусундагы Ак-Суу капчыгайында тартылган.
Ал жылы таланттуу кинорежиссер Төлөмүш Океев драматург Мар Байжиев менен "Кожожаш" эпосунун негизинде сценарий жазып, "Ак илбирстин тукуму" тасмасын тартууга киришкен. Анын оператору Нуртай Борбиев болсо, композиторлук милдетти Москвада 5-курста окуган Муратбек Бегалиев аткарган.
Ошол кезеңди башкы каарман Кожожаштын ролун аткарган Догдурбек Кыдыралиев мындайча эскерет:
"Тасмада Зулайканын ролун аткарган Гүлнара Кадралиева аябай сулуу кыз болчу. Мен Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунда сүрөтчүлүккө окуп жүргөндө, ал актерлук бөлүмдө билим алчу. Жогорку окуу жайдагы далай кыргыз, орус, азербайжан жигиттер артынан чуркашты. Москвадан келгенден кийин биз менен иштешип, тасмаларга тартылган. Чындыгында эле Гүлнара өтө чырайлуу, татынакай кыз эле. "Ак илбирстин тукуму" көрүүчүлөргө сунушталып, чыгармачыл топ Германияга фестивалга барганда немецтер мага "сенин өзүңдүн аялың супсулуу экен го, эмнеге Айкенин артынан жүрөсүң" дешкен эле. Сүрөттөгү эпизоддо актриса ыйлай албай кыйналып, үчүнчү дублда араң камерага түшүргөнбүз. Гүлнара шаарда өсүп-чоңоюп калгандыктан бетке айтчу. Менин аялым менен жолугуп калганда ага "мен Догдурбектин биринчи аялымын, сен экинчисисиң" деп тамашалап койчу. Тилекке каршы, ал кийин күйөөсү менен ажырашып, киного ролдорго чакырылбай жеке жашоосунда көйгөйлөр кошул-ташыл болуп калды. Жөндөмү, таланты толук кандуу колдонулган жок. Психологиялык ролдорду аткара турган куракта бул дүйнө менен кош айтышып кете берди", — деди Кыдыралиев.
Эске сала кетсек, Гүлнара Кадралиева 2016-жылы 55 жашында көз жумган.
"Ак илбирстин тукумуна" Ашыр Чокубаев, Досхан Жолжаксынов, Калыйча Акматова, Айбек Кыдыралиев, Акыл Куланбаев, Светлана Чебодаева-Чаптыкова, Сакыбек Карабаев, Али Мухаммед, Раимбай Сеитов, Димаш Ахимов, Алексей Араштаев, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, Асанбек Кыдырназаров өңдүү кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору катышкан.
Кинокартина Кан-Теңир чокусунда, Кегети ашуусунда, Ала-Арча, Ак-Суу капчыгайында, Ат-Башыда жана бөкөндөргө аңчылык кылган учур Казакстандын Моюнкум талаасында тартылган. Соңунда кинофильм 35тей мамлекетте көрсөтүлүп, Берлинде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгын жана Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда баш байгени алган.
Тема боюнча:
Шедеврлерди жараткан Шамшиев менен Мусаев. "Бөрү зындандагы" таберик сүрөт
Биринен бири өткөн таланттуу инсандар. Москвадагы таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0