Биринен бири өткөн таланттуу инсандар. Москвадагы таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Sputnik/ Александр Федоров
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиева, киносценарист Шаршен Усубалиев жана атактуу драматург Токтоболот Абдумомуновдун сүрөтү 1960-жылдары Москва шаарында тартылган.
Ал жылдары сүрөттөгү замандаштар кыргыз адабиятына, искусствосуна опол тоодой салым кошуп, жылдызы жанып, атагы алыска кеткен убак эле.
Театр ишмерлер союзунун президенти, драматург Жаныш Кулманбетов таланттуу инсандар бири-бири менен ынак мамиледе болгонун айтат.
"60-жылдардын башында тартылган тасмалардын көпчүлүгүнө Шаршен Усубалиев баш-көз болгон. Себеби ошол учурда мамлекеттик ишмер "Кыргызфильмдин" киностудиясынын директору, кийин кинематография комитетинин төрагасы кызматын аркалаган. Ошол маалда киночулар Айтматовдун чыгармаларынын негизинде мыкты эмгектерди жараткан. Айтматов өзү ал кезде Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы болгондуктан Усубалиев экөө тыгыз иштешкен. Жумуштан сырткары үй-бүлөлүк катышта эле. Мисалы, жаңыдан адабиятка аралашкан жаш Айтматов драматург Токтоболот Абдумомуновдун үйүндө жашап калган жайы бар. Алар бири-бири менен ынак мамиледе болушкан. Чыңгыз Төрөкулович менен Бүбүсара Бейшеналиеванын ортосундагы мамиле өзүнчө сөзгө татыйт. Мен алардын сүйүүсү жөнүндө пьеса жазгам, сахнага коюлганда көрүүчүлөр көзүнө жаш алган. Көзү тирүү кезинде Айтматов өзү көрө албай калды. Кийин алардын махабатын баяндаган тасма да тарттым", — деди Кулманбетов.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун "Аскада калган аңчынын ыйы" ("Кылым кыйырындагы сыр ачуу") китеп-диалогунда Бүбүсара Бейшеналиева менен алгач кантип таанышып, алардын ортосунда сүйүү оту жанганын кеңири баяндап берген. Айтматов менен Бейшеналиеванын уламышка айланган мамилеси 1959-жылы Кыргыз ССРинин маданий ишмерлеринин чакан тобу Балтикадагы деңиз аскерлерине жолугушууга, концерт койгонго барганда башталган. Экөө Ленинград менен Москва шаарында сүйүү кечтерин өткөргөн.
"Ачинов (ал менин аты-жөнүмдүн баш тамгалары менен мага ушундай ысым таап алган), эмне айтарыңды түшүнүп турам. Бири-бирин чындап сүйгөн адамдар бирикпейт дешет. — Бир саамга унчукпай турду. — Балким ушундай эле болушу керек чыгар. Үй-бүлөлүк күнүмдүк тиричилик кандай улуу сезим болбосун өчүрүп тынат. Сүйүүбүздү никеге байлап эмне кылабыз? Кийин ойлосом, Бүбүсара сунушумдан баш тартуу менен мени партиялык "жолдоштордун" катаал жазасынан, адабияттагы кесиптештеримдин кодулоосунан коргоого (ал өзүн ойлобоптур да) тырышыптыр. Себеби ошол жылдары ажырашуу эмнени туюндурганы эсиңдеби? Анын өзүн курмандыкка чалганын кабыл алып туура кылдымбы? Бул мени дайым түйшөлтөт. Эмне десек да Бүбүсара аялдык бактысын менин жылдызымдын жанып турушу үчүн курмандыкка чалган", — деп жазган калемгер.
Сүрөт тартылган жылдары Айтматов "Правда" гезитинин өз кабарчысы, кийин Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, Усубалиев Кыргыз ССРинин кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, Абдумомунов Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун төрагасы болсо, Бейшеналиева Опера жана балет театрында эмгектенген.
Тема боюнча:
"Чайкага" отуруп алып тасма тарткан киночулар. Таберик сүрөт
Жыргалаңда эт бышырган залкар Мелис Убукеев. "Манас ааламындагы" таберик сүрөт
Казыбек казалчынын 94 жыл катылуу турган сүрөтү табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0