Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жамакеев: Көчмөндөр оюндарына тогуз коргоол боюнча төрт спортчу барат

© Sputnik / Табылды КадырбековТогуз коргоол боюнча Азиянын эки жолку, Көчмөндөр оюндарынын бир жолку жана Кыргызстандын он жолку чемпиону Анарбек Жамакеев
Тогуз коргоол боюнча Азиянын эки жолку, Көчмөндөр оюндарынын бир жолку жана Кыргызстандын он жолку чемпиону Анарбек Жамакеев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
Тогуз коргоол боюнча Азиянын эки жолку, Көчмөндөр оюндарынын бир жолку жана Кыргызстандын он жолку чемпиону Анарбек Жамакеев тогуз коргоолго болгон кызыгуу артып күчтүү оюнчулар чыгып жатканын айтты.
Тогуз коргоолду 12 жашыман баштагам, 17 жыл болду. Биринчи машыктыруучум Баяман Шакирбаев болсо, 17 жашыман баштап Камчыбек Касымов даярдап келет. Учурда оюнчу жана машыктыруучумун. Бул тууралуу Анарбек Жамакеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жамакеев: Көчмөндөр оюндарына тогуз коргоол боюнча төрт спортчу барат
Анын айтымында, тогуз коргоолдун үч дисциплинасы (стандарт, рапид жана блиц) боюнча жеңишке жеткен.
"Өлкөдө тогуз коргоол боюнча рейтинг Кыргызстандын чемпионаты, Өмөр Касмакуновдун, Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган таймаш жана Ош мэринин кубогунун жыйынтыгы менен аныкталат. Биринчи орунду алган оюнчуларга дүйнө чемпионатына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо берилет. Ал эми экинчи орун алгандар арасында кайрадан тандоо өткөрүлүп, биринчи орун алгандар да дүйнө чемпионатына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат. Учурда эркектер арасындагы рейтинг боюнча биринчи орунда турам. Азыр IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жатабыз. Түркияга тогуз коргоол боюнча эки эркек жана эки кыз, төртспортчу барабыз. Буга чейин өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын үч оюнунда тең атаандаштар күчтүү болчу. Жыл өткөн сайын тогуз коргоолго болгон кызыгуу артып күчтүү оюнчулар пайда боло баштады. Монголия, Казакстан, Германия жана Якутиянын спортчулары өтө күчтүү болгондуктан аларды жеңиш үчүн даярдыкты дагы да күчөтүү зарыл. Бирок ага карабастан жакынкы мелдештерде алдыңкы орундарды алууну көздөп жатам", — деди Жамакеев.
Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан соң ноябрь айында Актөбөдө өтө турган дүйнө чемпионатына катышарын, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө өкмөт биринчи жолу стипендия чегерерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0