Жетим-Тоо эмнеге элди чуу түшүрүп жатат? Кендин пайда-зыянына сереп

© Фото / Геннадий ЗакировНарындын тоолору. Архивдик сүрөт
Нарындын тоолору. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Жазылуу
Жетим-Тоо темир кенин казуу маселеси кайрадан коомчулуктун көңүл чордонуна чыкты. Бир тарабы каршы чыкса, экинчи жээктегилер өлкө экономикасын көтөрүү үчүн иштетүү керектигин айтууда. Чууга мамлекет башчы дагы аралашты.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Жетим-Тоонун тарыхы жана аны казууга жасалган аракеттер тууралуу маалымат чогултту.
Жетим-Тоо дүйнөдөгү темирдин ири запасы камтылган кендердин катарында турганы айтылып келет. 1950 жана 1980-жылдары изилдөө жүргүзүлгөн. Аны казуу маселеси бийлик алмашкан сайын козголчу болду.
Жетим кени Нарын районундагы Жетим-Тоо кыркасынын оң тарабында, Данги жана Күрмөнтү дарыяларынын ортосунда жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2730дан 3800 метрге чейинки бийиктикте. Нарын облусунун борборунан 70 чакырым, Балыкчы темир жол станциясынан 250 чакырым алыстыкта. Ары жагынан Кытайдын чек арасына жакын турат.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги берген расмий маалыматка ылайык, кендеги руданын алдын ала эсептелген запасы 3,4 миллиард тоннаны түзөт. Анын курамында 524 миллион тонна (15,5 пайыз) темир бар экени болжолдонгон.
Лабораториялык-технологиялык изилдөө Украинанын Кривой Рог шаарындагы Байытуу жана кара металл агломерация рудалары боюнча институт (1953-1957-жылдары) менен Ташкенттеги Орто Азия илим-изилдөө геология жана минералдык сырьё институту (1979-1983-жылдары) тарабынын жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында магнетит рудасын байытуудан чайкалып алынган темир 74-85 пайызды, гематит-магнетит рудасынан 30-67.5, гематит рудасынан 13 пайызды камтыйт. Темирдин магнетит жана гематит деген эки түрү болот.
"Бүгүнкү күндө Жетим-Тоо кени үстүртөн изилденген деп саналат. Мындан ары технологиялык касиеттерин изилдөө жана руда менен металлдын запасын эсептөө үчүн геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү талап кылынат", — деп билдирди министрлик.

Жетим-Тоону казуу маселеси Бакиевдин тушунда козголгон

Жетим-Тоону казуу кыялы бүгүн эле чыга калган жок. Курманбек Бакиев президент кезинде маселе көтөрүлүп, ызы-чуу менен коштолгон.
© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Курманбек Бакиев
Пресс-конференция Курманбека Бакиева в Минске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Мурдагы президент Курманбек Бакиев. Архивдик сүрөт
Кээ бир булактарда "Тенли" аттуу кытайлык компания чалгындоо жүргүзгөнү айтылат. Ал эми расмий маалыматтарга ылайык, биринчи лицензия 2009-жылы "Арт Майнинг" аттуу фирмага берилген. Анын жетекчилерин Максим Бакиев менен байланыштырышкан. Кийин кытайлык "Майлин Ресурс" компаниясына 80 пайыздык үлүшү берилгенин ЖМКлар жазган. Ошол кезде жергиликтүү тургундар нааразы болуп көтөрүлүп чыккан.

Убактылуу өкмөт лицензияны жокко чыгарган

Бирок 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин убактылуу өкмөт кенди чалгындоого берилген лицензияны жокко чыгарган. Компания өкмөттү сотко берип, 2016-жылы кыргыз тараптын жеңиши менен талашка чекит коюлган.
"Ата Мекен" партиясынын лидери, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Максим Бакиев Жетим-Тоонун 80 пайыздык үлүшүн кытайлык компанияга 20 миллион долларга сатып, 20 пайызын өзүнө өткөрүп алганын айткан жайы бар.
"Жетим-Тоонун запасы 5-6 миллиард тонна темир, мунун баасы 80-100 миллиард доллар. Кумтөрдөн да чоң. Ушундай байлыгыбызды Максим Бакиев 300 сомго (лицензиясын) алып, чет элдиктерге арзан карматып жиберген", — деген Текебаев.
2011-жылы Жетим-Тоону Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курганы үчүн кытайлыктар алат деген сөз тарап, жергиликтүүлөр бир катар нааразылык акцияларды өткөргөн.
2012-жылдын аягында кайрадан чалгындоо иштерине уруксат берилип, эл дагы бир чуу түшкөн. Анда "Жетим-Тоону коргоо комитети" түзүлүп, Нарын районунун Орток айыл аймагында 10 миңге жакын каршы пикирдеги кол топтолгон.

Жаңы бийлик өзү казууну убадалады

Жети жылдан бери тынчып эле калган, Садыр Жапаров бийликке келери менен маселе кайрадан козголду. Ал Кытайдын карызынан кутулуу үчүн Жетим-Тоону иштетүү керек деген пикирди карманат.
"Жетим-Тоодо азыр беш миллиард тоннадан ашык темирдин запасы бар. Бул 50 миллиард тоннанын тегерегиндеги сырьёнун запасы. Ошону гана берип карыздан кутулсакпы деген сөз уланып жатат. Аны казып алууга бир дагы чет өлкөлүк мамлекет катышпайт. Өзүбүз иштетип, ал жерде Кыргызстандын жарандары иштегидей кылабыз", — деген Жапаров.
Жакында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жетим-Тоо 4 миллиард доллар киреше алып келерин белгилеп, долбоорду ишке ашырууга белсенгенин билдирген. Бул милдет Теңиз Бөлтүрүк жетектеген "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингине жүктөлгөн.

Өкмөттү "саткындар, чыккынчылар" деп күнөөлөшкөн

2020-жылкы президенттик шайлоонун алдында "бийлик Жетим-Тоону Кытайга сатканы жатат" деген кеп тарап, өкмөттү "саткындар, чыккынчылар" деп күнөөлөгөндөр болгон. Бирок ага бийлик кескин жооп берген.
Ага кошумча Жетим-Тоо кениндеги Данги участкасын иштетүүдөн гана жылына 200 миллион доллардан ашык киреше түшөрү маалымдалган.
"Долбоорду ишке ашырууда салыктарды төлөөдөн тышкары жергиликтүү элдин кызыкчылыгы эске алынып, дүң кирешенин эки пайызы Нарын облусун өнүктүрүү фондуна чегерилет. Кенди иштетүүдө алдыңкы технологиялар колдонулуп, ошол эле учурда экологиялык талаптар сакталат. Аны иштетүү этап-этабы менен жүргүзүлөт", — деп билдирген өкмөт.
Шайлоо бүтөрү менен бул чуу дагы басылган. Бирок соңку эки жумадан бери кенди казууну жактагандар менен каршы чыккандар эки жээкке бөлүнүп жаакташууда.

Азыр казбайбыз, чалгындоо иштери гана жасалат

Президент Садыр Жапаров 14-августта социалдык баракчасына пост жазып, кенди казуу иштери жакын арада башталбай турганын айтты.
Встреча Садыра Жапарова с старейшинами ОТГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Президент Садыр Жапаров
"Бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок. Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген. Союз мезгилинде болжол менен изилденген запасы бар экен. Бирок корунун так көлөмү жок болгондуктан Кыргыз геология департаментинин кызматкерлери иш жүргүзүп жатышат. Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет", — деди Жапаров.
Аны менен катар эле мамлекет башчы Жетим-Тоону иштетүүгө каршы пикир жазгандарды "арам ою бар жасалма патриоттор" деп атап, укук коргоо органдарына калпычыларды тартипке чакырууну тапшырды.

Адистер эмне дейт?

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, Жетим-Тоо темир кени жети участоктон турат — эң чоңу Данги, андан тышкары, Айран-Суу, Туюк-Суу, Молдо-Башы, Телеке жана Күрмөнтү. Узундугу 40 чакырым, туурасы беш чакырымга чейин жетет.
Камчыбеков: Жетим-Тоону иштетүү үчүн бир катар көйгөйлөрдү чечүү керек
"Бул маселе боюнча адистер жергиликтүү элге, жалпы экономикага салымын эсептеп, ошондой эле экологиялык коркунучтардын алдын алуу менен иштетүү жолдорун табуу керек. Ал үчүн жакшы бизнес-план түзүлүп, бардык иштер ачык-айкын жүргүзүлүшү кажет. Мындан тышкары, өзгөчө корголгон аймактагы участокторду андан чыгаруу зарыл. Анткени аталган кенден 10 миллиарддан 100 миллиард сомго чейин пайда табууга болот. Бирок ал үчүн жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүү шарт", — деди Камчыбеков.
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу мамлекеттин бул кенди өзү иштетүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун айтты.
"Жетим-Тоо кени инвестор үчүн айкын эмес кен. Пайдалуу же пайдасыз деп корутунду чыгаруу кыйын. Алсак, жергиликтүү калктын каршылыгынан тартып кендин экономикалык негиздемесине чейин көйгөй. Рудасы болжолдуу эсептелген. Инвестор болжолдуу эсептер менен каражат салбайт. Аныктоо үчүн изилдөө иштерин жүргүзүү керек, ага каражат зарыл. Мындан тышкары, Жетим-Тоо кениндеги руданы байытуучу фабрика куруу керек. Себеби рудадагы темирдин курамы 30-40 пайыздын тегерегинде. Ал эми норма 60 пайыз болушу шарт. Инфраструктура түзүү керек, ошол жакка жол салып, электр энергия тартуу зарыл. Мунун баары кошумча чыгаша. Ал эми руда бойдон ташып кете турган болсо темир жол куруу керек. Чыгашасы көп болгондуктан инвестор мындай кадамга барбайт. Автожол менен ташып кетүү жолу бар. Ал үчүн эң ыңгайлуу вариант Кытай", — деди Адилбек уулу.
Адилбек уулу: Жетим-Тоону иштетүү маселесин азырынча көтөрбөй турган оң
Дагы бир көйгөй экология маселеси экенин белгиледи. Тоо казылып, жол салынып, дарыянын нугу бурулуп калышы ыктымал. Бул ошол жердин экосистемасын бузат.
Кен казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
"Улуу көчмөндөр мурасы" 4 алтын кенин казууга лицензия алды. Тизме
Кумтор алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Экология министри Кумтөрдөн 261,7 млрд. сомдук доону талап кыларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0