Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Министр: бир жумадан кийин кайсы менчик клиникаларга барбаш керектиги ачыкталат

© Фото / PexelsЖеке клиникада иштеген медик. Иллюстративдик сүрөт
Жеке клиникада иштеген медик. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Жазылуу
Касымбеков Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке менчик клиникалар санитардык, эпидемиологиялык нормаларды сактап, ал жакта компетенттүү кадрлар иштеши керек деген пикирине толук кошуларын белгилеген.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бир жума аралыгында кыргызстандыктар кайсы менчик медициналык клиникаларга барбашы керектигин билишет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Алымкадыр Бейшеналиевдин кайсы чечимдерин министрлик кайра карап чыгат" деген брифингге катышкан.
Касымбеков Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке менчик клиникалар санитардык, эпидемиологиялык нормаларды сактап, ал жакта компетенттүү кадрлар иштеши керек деген пикирине толук кошуларын белгилеген.
© Sputnik / Асель СыдыковаИсполняющий обязанности министра здравоохранения Жаркынбек Касымбеков
Исполняющий обязанности министра здравоохранения Жаркынбек Касымбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
"Жеке менчик клиника же кабинетке барарда адам ал жактан оору жуктуруп же өлүп калбай турганын билиши керек. Анткени мындай фактылар катталган. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн ишкерлердин кызыкчылыгы эмес, жарандардын ден соолугу менен коопсуздугу маанилүү. Азыркы тапта комиссиялык иш жүрүп жатат. Бир жумадан кийин кайсы менчик клиникага барбаш керектигин билесиздер", — деген Касымбеков.
Мындан тышкары, министрдин орун басары эмне себептен Алымкадыр Бейшеналиевдин медициналык колледж жана окуу жайларды жабуу боюнча чечимин кайра карап чыкканын да түшүндүрдү.
Косметологиялык клиникадагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
Пресс-борбор
Лицензия, диплому жок иштешкен. Косметологиялык клиникалардагы мыйзам бузуулар
Жаңылыктар түрмөгү
0