00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Реформаны бүтүрүш керек. Алымкадыр Бейшеналиев министр болууга даяр экенин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев . Архивдик сүрөт
Кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев . Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Жазылуу
Бейшеналиев өзү баштаган иштин баары токтоп калганын жана президенттин чечимин күтүп жатканын айтты.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кайрадан саламаттык сактоо министри болууга, жумушка чыгууга азыр десе азыр даярмын. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

"Кайрадан саламаттык сактоо министри болууга даярмын. Азыр десе азыр даярмын. Анткени медицина жаатындагы баштаган реформаны аягына чыгарыш керек. Мен жокто баары токтоп калганын көрдүңөр да. Медик, башкы дарыгердин баары чалып жатышат. Эгер жакшы иштеген болсом президент кайра ордума коёт деп ойлойм. Менден жакшы иштеген бирөө болсо, балким, аны коёт. Өзүмдүн адистигим боюнча дагы да иштеп, көп пайда алып келем деген ойдомун", — деди министр.

Ал президенттин чечимин күтүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-августта, Бейшеналиевдин жактоочусу ИИМ министрге карата козголгон кылмыш иши кыскартылганын билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдары Бейшеналиевдин иш-аракетинен кылмыштын курамын таба алган эмес. Ошондуктан ал кайрадан cаламаттыкты сактоо министри болууга толук укуктуу.
Эске салсак, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармап, ага жети кылмыш ишин козгогон. Министр бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп колго түшүрүлгөн. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат.
Кийинчерээк мамлекет башчы Жапаров Зулушевди Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон. Эки саясатчынын чатагынын төркүнүн биздин материалдан окуңуз.
14 күндөн кийин Бейшеналиев үй камагына чыгып, Зулушев кызматына кайткан. Ал арада президент атайын комиссия түзүп, бул жагдайды иликтеткен. 16-июнда аталган комиссия өз ишин жыйынтыктаган.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Президент Зулушев менен Бейшеналиевдин тирешин балдардын урушу катары сыпаттады
Жаңылыктар түрмөгү
0