00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алымкадыр Бейшеналиев кайсы ишке шектелип кармалганы кабарланды

© Фото / пресс-служба Генеральной прокуратуры КРМинистр Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы
Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Жазылуу
Министр менен башка кызмат адамдарына 5 коррупциялык иш козголуп, тергелүүдө.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганын тастыктап, кайсы мыйзамсыз ишке шектелип жатканын маалымдады.
© Фото / пресс-служба Генеральной прокуратуры КРБашкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганын тастыктап, кайсы мыйзамсыз ишке шектелип жатканын маалымдады
Задержание главы Минздрава Алымкадыра Бейшеналиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Ага ылайык, министр президенттин "Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын одоно бузуп, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштургандыгы аныкталган.

"2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Россия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан гуманитардык жардам иретинде 451 миң 560 доза вакцина бекер келип түшкөн. Ошондой эле өлкө президенти Садыр Жапаров Кытай жана Россиянын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кошумча 6 миллион дозадан ашык вакцинаны гуманитардык жардам иретинде акысыз бериле тургандыгын макулдашкан. Бирок буга карабастан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы боюнча 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 миллиард 581 миллион 474 миң 315 сомдук 2 миллион 460 миң доза вакцинасы негизсиз сатып алынган. Аталган акча каражат оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон", — деп айтылат маалыматта.

Мындай аракеттердин айынан гуманитардык жардам иретинде алып келинген 3 миллион 147 миң 640 доза вакцина бар болсо дагы, кызмат адамдары жеке пайда табуу максатында ашыкча 2 миллион 460 миң доза вакцина сатып алышкан.
"Ашыкча вакциналардын сактоо мөөнөтү эскирип, 243 миң 223 доза керектен чыккан, калган ашыкча вакциналардын дагы колдонуу мөөнөттөрү өтүүдө. Натыйжада мамлекетке 1 миллиард 581 миллион 474 миң 315 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деди прокуратурадан.
Факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары, саламаттык сактоо министри жана башка кызмат адамдарына 5 коррупциялык иш козголуп, тергелүүдө.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Бейшеналиев: мен келгенден кийин орун басарларым жүзүмдү карай албай калышты
Жаңылыктар түрмөгү
0