"Генпрокурор ким экен?". Алымкадыр Бейшеналиев менен Зулушевдин чатагынын төркүнү

© Фото / пресс-служба ЖККыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев. Архив
Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жети кылмыш иши козголду. Учурда ал камакта.
Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевди ээлеген кызматынан убактылуу четтетти. Муну президент кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында жасагандыгын айтты.
Sputnik Кыргызстан эки аткаминердин ортосунда чатактын кантип ырбаганын окурмандардын эсине салмакчы.
Февралдын башында саламаттык сактоо министри Бейшеналиевдин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мурдагы жетекчиси Сабырбек Жумабеков менен тирешүүсү жаралган.
Бейшеналиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү планы боюнча журналисттерге маалымат жыйын курган. Ошол жерден оорукананы оңдоп берем деп убадалаган ишкер тууралуу кеп кылып жатып "ал дагы аферист, ал дагы таластык" деп айтып алган. Кийин интернетке "таластыктарды колдобойм" деп айткан видеосу дагы тараган. Мындан улам Таластын эли министрге нааразы болуп, президентке видеокайрылуу жолдогон. Ошондой эле WhatsApp тиркемеси аркылуу Таластын аянтына чогулуп, Бейшеналиевге каршы митинг өткөрүү боюнча үндөөлөр күчөгөн. Мындан улам Башкы прокуратура ага эскертүү берген.
"Эгер менден ката кетип калса, Талас эли, кечирип коюңуздар", - деп кечирим сураган.
"Мен бардык таластыктарды эмес, Сабырбек Жумабековду айтканмын. Эми ал таластык болсо эмне кылайын. Чикаго дейинби? Алар өздөрүнө реклама кылгысы келип жатат. Генпрокурор деген ким өзү? Кечээ өзүнө деле ушинтип айттым. Мен элге гана баш ием. Мага кабминден сөгүш беришти, демек, аларга тоскоол болуп жатам. Жасай турганымды жасадым. Баарын аягына чыгарганга шашып жатам, мени же депутаттар, же Башкы прокуратура алат", — деген ал.
31-мартта Бейшеналиев коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин билдирип, көзөмөл жана сот органдарынын аракеттерине нааразычылыгын билдирген.
"Саламаттык сактоо тармагын түп-тамырынан монополиялаштырып алгандар системаны реформалоого караманча каршы чыгып жатышат. Ал эми көзөмөл жана сот органдары калктын ден соолугуна кедергисин тийгизчү маселеге келгенде адилетсиздигин көрсөтүүдө", — деген.
Бейшеналиевдин айтымында, министрлик COVID-19 апаатынан калкты куткарууда саламаттык сактоо системасы канчалык деңгээлде жан кейитерлик абалга түшүп калганын жон териси менен сезди. Коронавирустун "стелс-омикрон" сыяктуу жаңы штаммдары эпидемиологиялык абалды курчутуп жибериши мүмкүндүгүн билдирген.
Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган Жаркынбек Касымбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Саламаттык сактоо министринин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткармай болду
Мындай коркунучтарга Саламаттык сактоо министрлиги даяр турушу керектигин айткан.
"Анткени "Доктор Исманкуловдун клиникасы" сыяктуу монополиялык мекемелер апааттан элди куткара албайт!" — деген Бейшеналиев.
Бишкектеги хирург-офтальмолог Алмаз Исманкуловдун клиникасы көп жылдар бою ижарада туруп келген. Мэрия ал келишимди токтоткону менен алар имаратты бошоткон эмес.
Бул туурасында министрлик "Исманкуловдун көз микрохирургиясы" жеке клиникасы мэрия тараптан ижара келишимин токтотуу тууралуу билдирүү алганын, бирок ижарачы азыркыга чейин мамлекеттик органдын талабын аткарбай жатканын белгилеген. Анын Исманкулов менен сүйлөшкөн видеосу да тараган.
6-апрелде Башкы прокуратура Бейшеналиевдин кадамдарына комментарий берген.
"Министрге чара көрүп жатабыз. Таластыктар боюнча айткан сөзү үчүн өзүнө эскертүү бердик. Ал эми ооруканага (Исманкуловдун клиникасына — ред.) барып алып сүйлөгөн сөздөрү, кызматтык этиканы бузганы боюнча министрлер кабинетине сунуш бердик. Андан кийин органдарга карата айтканы боюнча тартиптик чара көрүү боюнча да сунуш бердик. Кызматтагы адам сөзсүз түрдө этиканы сакташы керек", — деген Зулушев.
21-апрелде депутат Эмил Токтошев: "Далилденбеген дарыны бейтаптарга берип жатканы үчүн саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголобу?" — деп башкы прокурорго суроо салган.
Ага жооп кылып Зулушев "кесепетине карап сөзсүз түрдө укуктук баа берилерин" айткан.
Мурдараак Башкы прокуратура министр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогондугун билдирди. Бири — коррупция, экөө — пара талап кылуу, төртөө — кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пайдасыз келишим түзгөн дешкен. Мындан сырткары, вакцина сатып алуудагы коррупция боюнча министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбековдун кармалганы маалымдалды.
Саламаттык сактоо министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары бошотулуп, жаңылары дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0