Бишкектеги атышуу. Киши өлтүрүү үчүн кол салды деген 3 кишиге издөө жарыяланды

© AFP / Johan ORDONEZТапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт
Тапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2022
Жазылуу
Окуя 7-август күнү болгон. Анда 38 жаштагы кишинин оң санына ок тийип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкектеги атышууда 38 жаштагы кишинин жаракат алышы боюнча үч кишиге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, окуя 7-август күнү борбор калаадагы Карманская көчөсүндө болгон. Анда 1984-жылы туулган кишинин оң санына ок тийип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты боюнча Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган.
Шаардык милиция Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен ("Адам өлтүрүү үчүн кол салуу") үч киши шектелип, аларга издөө салынганын айтты:
Степанов Николай Николаевич, 1999-жылы Бишкекте туулган;
Степанов Лев Викторович, 1994-жылы Өзбекстанда төрөлгөн;
Каландаров Геннадий Геннадиевич, 1993-жылы Өзбекстанда төрөлгөн.
Милиция көрүп-билгендерди 0312 48-64-47, 0552-102-906, 0554-102-147 жана 102 номерлерине кабарлап коюну өтүндү.
Жезл кармаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2022
Бишкекте "кайгуулчу" болгон белгисиз адамдар милицияга жеткирилди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0