Кытай Тайвань маселеси боюнча АКШнын үч катасын санады

© AFP / PHILIP FONGТайвань желеги. Архивдик сүрөт
Тайвань желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Жазылуу
Ван И АКШ аймакта өзүнүн аскердик күчтөрүн көбөйтүү менен тынчтыкты бузууну каалап жаткандыгын айтты.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. АКШ спикер Нэнси Пелосиге Тайванга барууга уруксат берүү менен бир нече ката кетирди. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал биринчи ката катары АКШнын Кытайдын ички ишине кийлигишкенин атады.
"Пекиндин бир нече жолку эскертүүсүнө карабастан Вашингтон Пелосинин Тайванга сапарын баары бир уюштурду. Бул нерсе Кытайдын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга жатат", — деди ТИМ башчысы.
Анын пикири боюнча, АКШнын экинчи катасы – бул Тайвандын көз карандысыздыгын колдогону болду. Ал дүйнөдөгү бир дагы мамлекет "сепаратисттик күчтөрдү" колдобошу керек деп эсептейт. Бирок АКШ мындай аракеттери менен Кытайга каршы чыкты.
Ван И АКШнын үчүнчү катасы катары аймакта өзүнүн аскердик күчтөрүн көбөйтүү менен тынчтыкты бузууну каалап жаткандыгы экенин айтты.
Дипломат Пелосинин Тайванга жасаган сапарынан кийин Кытайдын суверендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү сактоо үчүн көргөн чаралары мыйзамдуу экенин кошумчалады.
Өткөн жуманын башында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Кытай тараптын каршы болгонуна карабай Тайванга барган. Ал 25 жыл ичинде аралга келген эң жогорку даражалуу америкалык аткаминер болуп калды.
Натыйжада бейшемби күнү Кытай армиясы Тайвандын айланасында ири масштабдуу аскердик машыгууларды баштады.
4-7-августтагы машыгуулардан тышкары Пекин Тайвандын эки фондуна, Пелосинин өзүнө жана анын үй-бүлөсүнө санкция киргизди. Вашингтон менен климаттын өзгөрүшү боюнча сүйлөшүүлөрдү жана башка кызматташтыкты токтотту.
Мындан тышкары, Тайванга табигый кумду экспорттоого жана аралдан цитрус жемиштерин, балыктын кээ бир түрлөрүн импорттоого тыюу салды. Кытай бийлиги америкалык аткаминердин сапарынын бардык кесепеттери али алдыда экенин жана алар үчүн жоопкерчиликти Вашингтон менен Тайбэй тартарын билдирүүдө.
АКШ жана Кытай желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Пекин: АКШ Кытайды Тайвань аркылуу көзөмөлдөйм деген иллюзиядан арылышы керек
Жаңылыктар түрмөгү
0