Жолтандабастын айнегинен чыгып алып бийлеген кыз кулап түштү. Видео

© Фото / Pexels / cottonbroЖол тандабастагы кыз. Иллюстративдик сүрөт
Жол тандабастагы кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Окуя Россиянын Махачкала шаарында болгону айтылды.
БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Интернетте кыз автоунаанын айнегинен белине чейин чыгып алып бийлеп жатып жерге кулап түшкөн видео тарады.
Кадрларды анын артынан бара жаткан автоунаанын ичиндегилер тартып алган. Видеодо айнектен чыгып алып бийлеп жаткан кыз артка ийилем деп тең салмактуулукту жоготуп, башы менен асфальтка кулап түшкөнүн көрүүгө болот.
Андан соң эч кимдин жардамы жок эле туруп, чуркап кеткени тартылып калган.
Окуя Россиянын Махачкала шаарында болгону айтылды.
Автоунааны айдаган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Мурда дагы мас болуп кармалган. Милиция интернетте талкууланган айдоочу кыз тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0