Путин менен Эрдоган жолугушууда эмне тууралуу макулдашты. Урунттуу учурлар

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Сочиде жолугушуу учурунда
Россия лидери Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Сочиде жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Жазылуу
Тараптар россия-түрк мамилелерин мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын ырасташты.
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Сочиде Россия лидери Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүсү төрт саатка созулду.
Андан соң мамлекет башчылары чыгып биргелешкен билдирүү жасаганын Кремль маалымдады. Тараптар россия-түрк мамилелерин мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын ырасташты.
Негизги билдирүүлөр төмөндөгүдөй болду:
Транспорт, соода, айыл чарба, өнөр жай, финансы, туризм жана курулуш секторунда кызматташтыкты өрчүтүү макулдашылды;
Регионалдык жана эл аралык туруктуулук үчүн Россия менен Түркиянын ортосунда ачык жана ишенимдүү, ынак мамиледе болуу белгиленди;
Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин кийинки жыйынын Түркияда өткөрүү макулдашылды;
Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана саясий биримдигин сактоо маанилүүлүгү ырасталды;
Ливиянын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана улуттук биримдигин жактоо;
Стамбул келишимин, ага кошо россиялык дан, жер семирткич жана өндүрүш үчүн сырьё эскпортун эч бир тоскоолдуксуз толугу менен аткарууну камсыздоо зарылчылыгы белгиленди;
Түркияга россиялык газды экспорттоодо эсептешүүнү жарым-жартылай рубль түрүндө жүргүзүү макулдашылды.
Россия лидери Владимир Путин жана Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Сочиде жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Сочиде Путин менен Эрдоган жолукту. Президенттердин негизги билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0