Нарындагы аба ырайы: кийинки апта жаан-чачындуу болот

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын шаары. Архив
Нарын шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 8-9-10-августта 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетери божомолдонууда.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Нарын облусунун айрым жерлеринде жума бою маал-маалы менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
7-августта күндүз жана 8-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 8-августтан тарта 11-августка чейин дагы кээ бир райондордо өткүн өтөт.
Анткен менен айрым түндөрдө жана 12-августта күн ачык болору айтылууда.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы көпчүлүк учурда секундасына 4-9 метрге жетет. Ал эми 8-9-10-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
Ысык-Көлдө эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Ысык-Көлдө жаңырган аптада аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0