Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдордо 75 орун бөлүндү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүОкуу учурунда университеттин студенттери. Архив
Окуу учурунда университеттин студенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Жазылуу
Эң көп орун Өзбекстандагы кандаштарга бөлүндү.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылында чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүнгөнүн кабарлады.
Анын ичинен Өзбекстанга 30, Тажикстанга 25, Түркияга 10, Казакстан менен Кытайда жашаган кыргыздарга бештен орун берилген.
Кандаштар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинен билим ала алышат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, "Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2022-жылдын 19-августу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.
Керектүү документтер:
Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (паспорт жок болгон учурда), орус же кыргыз тилине котормосу менен;
Билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулган тиркемелери менен;
Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат;
Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, дипломдор (бар болсо);
Медициналык күбөлүк 086-у;
ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө маалым кат.
Онлайн системага өз убагында ийгиликтүү катталып, программанын талаптарын сактоо менен керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноолоруна катышууга уруксат берилет.

Конкурстук тандоо

Сынактык тандоону өткөрүү үчүн курамына университеттердин, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген тандоо комиссиясы түзүлөрү айтылды.
Бакалавр программаларына конкурстук тандоо компьютердик тестирлөө аркылуу жүргүзүлүп, аңгемелешүү болот. Болжолдуу 2022-жылдын 25-26-августуна чейин өткөрүлөт. Онлайн системасында (student.edu.gov.kg) ийгиликтүү катталып, техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлердин жеке кабинетине сынактык тестирлөөнүн датасы жана убактысы тууралуу маалымат жөнөтүлөт.
Эгерде талапкер жүйөөлүү себептер менен жеке тандоо стадиясында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо, тандоо комиссиясы бул этаптардан онлайн режиминде өтүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.
Конкурстук программага катышуу тууралуу маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет.
Памирлик кыргыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2022
Бийлик Чоң-Алайга 1500 памирлик кыргызды көчүрүп келүүгө белсенип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0