Бишкектин борбордук бөлүгү 26-июлда түнгө чейин суусуз калат

© AFP / FRED TANNEAUСуу. Архив
Суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2022
Жазылуу
Мэрия билдиргендей, 15 саат бою оңдоо иштери аткарылат.
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө эртең, 26-июлда, саат 09:00дөн 00:00гө чейин суу өчөт. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасы билдирди.
Бул убакыт аралыгында "Көк-Жар" суу кампасында оңдоо иштери аткарылат.
Суу темир жол линиясы, Панфилов, Абдымомунов көчөлөрү жана Аламүдүн дарыясы менен чектешкен аймактарда жок болот.
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2022
Бишкектеги Суванбердиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0