Кыргызстанда 5 окуу жайга өзгөчө статус берилип, бир нечеси бириктирилет

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети. Архив
Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2022
Жазылуу
Айрым окуу жайларга бир топ укуктар берилсе, кээ бири башка университеттерге кошулмакчы.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жогорку беш окуу жайга өзгөчө статус берилип, бир катар университеттер бириктирилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Билдирмеге караганда, мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстандын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Аталган документке ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайларга уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны кеңири берүүнү караган өзгөчө статус берилмекчи.
Алар:
1.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
2.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
3.
Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
4.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
5.
Ош мамлекеттик университети.
Аталган жогорку окуу жайларга берилген укуктар:
бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу үчүн казына системасынан тышкары мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарда банк эсептерин ачуу;
көзөмөл кеңештери менен макулдашуу боюнча башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктоо;
окуу иштери боюнча проректорлорду дайындоо жана бошотуу;
ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн статусун жана аталышын, алардын ишин уюштуруу тартибин, ошондой эле аларды башкарууга жана персоналына карата талаптарды өз алдынча аныктоо;
көзөмөл кеңештери менен өз алдынча макулдашуу боюнча эмгек акы төлөөгө жумшала турган каражаттардын үлүшүн аныктоого, ЖОЖдун кызматкерлеринин бардык категорияларына эмгек акы төлөөнүн, материалдык дем берүүнүн жана материалдык жардам көрсөтүүнүн формаларын жана өлчөмдөрүн белгилөө;
аудиттин эл аралык стандарттарына жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жыл сайын көз карандысыз тышкы же ички (ЖОЖ ичиндеги аудитордук текшерүүнү кошпогондо), үч жылдык мөөнөткө текшерүүнүн бардык түрлөрүнөн бошотуу;
билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштерден каражат түрүндө киреше алууга жана аларды ЖОЖдун ишин жакшыртууга жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жумшоо;
өз алдынча көзөмөл кеңештери менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө), ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражатты тескөө;
2022-жылга каралгандан төмөн эмес көлөмдө мамлекеттик билим берүү гранттарын алуу;
акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүү жана бекитүүгө;
окугандардын санын өз алдынча аныктоого жана бар болгон аянттарды жана ЖОЖдун башка шарттарын эске алуу менен студенттерди кабыл алуу планын бекитүү;
ЖОЖдордун юридикалык статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрүнө капиталдык жана учурдагы оңдоо, аларга бекитип берилген, алардын балансында турбаган материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү менен байланышкан финансылык чыгымдарды аталган бөлүмдөрдүн бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметаларынын чегинде жүргүзүү укугун берүү.
Жарлыкка ылайык, кайра уюштурууну жүргүзүү ылайыктуу деп табылган мамлекеттик жогорку окуу жайлар:
Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине илимий-изилдөө университети деген статус берип, ага Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясын, Алиаскар Токтоналиев атындагы Бишкек финансылык-экономикалык техникумун кошуу;
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин кошуу;
Ош мамлекеттик университетине Ош мамлекеттик юридикалык институтун кошуу;
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жана Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетин кошуу.
Министрлер кабинетине ЖОЖдорго төмөнкүдөй укуктарды берүү тапшырылган:
профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөөнүн тартибин өз алдынча аныктоо;
лицензия албастан жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү;
сатып алууларды жүргүзүүнүн бекитилген ички эрежелерине ылайык көзөмөл кеңештери менен макулдашуу боюнча сатып алууларды өз алдынча жүргүзүү;
өз алдынча белгиленген билим берүү стандарттарынын жана талаптарынын негизинде жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруу;
бакалаврларды жана адистиктерге даярдоо багыттары боюнча окутуу үчүн кабыл алуу эрежелерин өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүү.
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Рекорд — 41 жыл. Беш жылдан ашык иштеген директорлордун аймактар боюнча саны
Жаңылыктар түрмөгү
0