Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Северск алынып, Славянскиге жол ачылды. Батыш "тозокко" бет алдыбы

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСеверсктеги Россиялык аскерлер. Архив
Северсктеги Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Жазылуу
Украиналык аскерлерди чет жакта даярдыктан өткөрүү деген шылтоо менен Киевге альянстын аскер адамдары келип жатканын Россия жакшы түшүнөт.
Союздук күчтөр батышты көздөй жылып, кечээ Лисичанскиден Славянскиге кеткен жолдун жарымында жайгашкан Северск шаарын алышты. Андан кийин Соледар менен Артемовскиге карай багыт алышат. Донбасс аймагынын толугу менен Киев режиминин куралдуу топторунан бошотулушуна аз калды дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
ЛЭРдин куралдуу күчтөрү Россиянын аскер бөлүктөрү менен Северскинин алдында Украина армиясын кыйратып, 14-июль күнү шаарды өз көзөмөлүнө алды. Кварталдарды Украина аскерлери менен чет элдик жалданмалардан тазалоо соңуна чыгып барат. Союздук күчтөр каршылаш тарап ээлеп алган Соледар шаарынын чет жакасын да бошотууда. Славянск менен Краматорскиге жол ачылды.
ДЭРдин аймагын бошотуу аракети бир нече багытта жүрүп келет. Согуштук аракеттер Северск — Артемовск багытында уланууда. Россиялык аскер бөлүктөр Лисичанск — Северск жолун толугу менен, Северск — Соледар жолунун айрым бөлүгүн көзөмөлгө алган. Донбасстын чыгышында Украина куралдуу күчтөрүнүн үч аргасы эле калды — же батышты көздөй чегиниши керек, же туткунга түшөт, же жок кылынат.
Каршылашкан тарап оор жоготууга учуроодо. 14-июлда Константиновка жана Краматорскинин жанынан деңиз флотунун 35-бригадасы, 54-механизациялашкан бригада, 81-аэромобилдик бригаданын таамай соккулары Украинанын 1000дей аскерин жана 100дөн ашуун аскер техникасын жок кылды. Өткөн сутка ичинде Россиянын Аба-космостук күчтөрү тарабынан украиналык Су-24 жана МиГ-29 атып түшүрүлдү.
Винница, Гайсин жана Тернополдо жайгашкан аскерий объектилерге жасалган ракеталык соккулар тылдагы ыкчам чечим кабыл алуучу борборлор кантип жок кылынып жатканынын үлгүсү. Фронттон оголе алыстагы Россиянын жакшы жабдылган, мыкты даярдыктагы диверсиялык топтору украин улутчулдарынын айласын кетирүүдө.
Киев режиминин коргоочулары азыр кандай абалда экенин "Кракен" тобунун 200 согушкеринин фронтко — Краматорск аймагына багыт алуудан баш тартуусу жана андан кийин командачылык менен атышып, алты нацисттин өлтүрүлүшү айкын көрсөтүп турат.
Уулу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун отставкасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Батышта Путинге атаандаш болчу киши калбай калды. Лидерлер майдаланууда

Украина Куралдуу күчтөрү 80 пайызга талкаланды

Россиялык атайын операциянын жүрүшүндө украин армиясы аскеринен да, техникасынан да кол жууду, дыкат даярдалган адистеринен ажырады. Профессионалдарды массалык мобилизация толкуну алмаштыра албайт. Эч бир даярдыктан өтпөгөн резервдегилер аскердик жөндөмдүүлүктүн сапатын арттыра албасы бышык. Украинанын Куралдуу күчтөрүн тез арада толуктаган аракети россиялык жоокерлердин технологиялык да, тактикалык да үстөмдүгүнө эч таасир эте албайт.
РФ Коргоо министрлиги операцияга келишимдик негизде кызмат өтөгөн 150-180 миң кесипкөй аскерди тартууда. Ал эми адистер украин армиясы 80 пайызга демилитаризацияланганын айтып жатышат. Киев командачылыгы жүргөн аймагын миналап, куулган жерлерге фосфор ок-дарысын чачып, чет элдик жалданма аскерлердин кызматын колдонууга аргасыз. Мындан тышкары, НАТОнун артиллериялык системалары менен учкучсуз аппараттарын колдонуу үчүн, фортификациялык курулуштар үчүн батыштын аскердик адистерине муктаж болуп турат.
Украиналык аскерлерди чет жакта даярдыктан өткөрүү деген шылтоо менен Киевге альянстын аскер адамдары келип жатканын Россия жакшы түшүнөт. Бирок АКШ жана НАТОнун башка мамлекеттери аскер күчүнүн кырылып калышын каалабайт. Мындан улам Киев режими жакында дагы бир көйгөйгө туш болот — Батыш жардамдын көлөмүн кыскартышы толук мүмкүн.
Ак үйдүн америкалык курал-жарак менен техниканын Украинада көзөмөлсүз пайдаланылышына байланыштуу кинеси афган сценарийи боюнча "эвакуациянын" башталышын каңкуулап тургандай. Миллиарддаган ленд-лиз берсе дагы Вашингтон Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотуу маселесин жокко чыгарбайт. Россия менен прокси-согуш оголе кымбатка түшүүдө: АКШ менен ЕБ мамлекеттеринде экономикалык кризис күчөп, НАТО арсеналында украина армиясы үчүн делген ок-дары түгөнүп бара жатат. Мындан тышкары, акыл калчабай курал-жаракты үстөккө-босток ташый берүү РФ менен өзөктүк согушту шартташы мүмкүн.
Россия ТИМин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ТИМи: Батыштын санкциялары кайра өзүн глобалдык рецессияга кептөөдө
НАТОнун сер сөөлөттөнгөн сөзү жана АКШнын ленд-лизи тараптардын канчалык коркуп жатканын жана жеңилгенин түшүнө баштаганын жашыра албайт. CNN "Эгер Путин Донбасстан да өтө турган болсо Украинаны тең экиге бөлүп турган Днепрдин жээгине бет алат. Бул өлкөнүн жарымын басып алуу үчүн жасалган аракет деп бааланып, Батыштын жүрөк үшүн алат" деп жазды.
Foreign Policy айтылганга "Европанын энергетикалык азабы иш жүзүнө ашып бара жатат" деп кошумчалоодо. Ошентсе да бул жеткен чек эмес. Россиянын батыш "өнөктөштөрүнө" 2021-жылдын декабрында сунуштаган системасы же тең укуктуу коопсуздук архитектурасы Украина көйгөйүнөн кийин деле өзгөрбөйт. Буга чейин РФ тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко НАТО келишимден баш тарта турган болсо Россия "контркоркунуч жаратуу режимине" өтөрүн жар салган. Менимче, бул Москванын принципиалдуу позициясы, ал эми Украина окуясы Түндүк атлантикалык альянстын кыйроосунун башталышы болуп калмакчы.
Бүгүн Сербиянын президенти Александр Вучич "Северск, Бахмут жана Соледардагы, андан кийин Славянск – Краматорск – Авдеевка линиясы боюнча ишин бүтүргөн соң Владимир Путин сунуш берет. Эгер аны кабыл алышпаса, тозокко карай бет алабыз" деди. Кыязы, окуянын нугу ошого бара жатат окшойт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Москвадагы акча алмаштыруу пункттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
"Бул башталышы эле". Евро менен доллардын келечегине сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0