Батышта Путинге атаандаш болчу киши калбай калды. Лидерлер майдаланууда

© AP Photo / Alberto PezzaliУулу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун отставкасы
Уулу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун отставкасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Жазылуу
"Жетиликке" кирген өлкөлөрдүн баарында ички саясий кырдаал анча жакшы эмес, энергетикалык кризис абалды ого бетер курчутууда. Беш ай өтүп-өтпөй эле Батыштын алдыңкы делген өлкөлөрүнүн бийлик башында бир топ көйгөй жаралганы байкалып келет.
Мурдагы күнү Японияда мурунку премьер Абэ жерге берилди, ал эми британиялык консерваторлор партиянын жаңы лидерин шайлоо процедурасын баштады. Россиялык журналист Петр Акопов дүйнөлүк саясаттын өңүтүнө баам салып, лидерлер тууралуу ой жүгүрткөн. Макала РИА Новости сайтына жарыяланды.
Борис Жонсондун отставкасы менен Синдзо Абэнин киши колдуу болушу Батыштын өтө маанилүү көйгөйүн — лидер кризисин ачыктады. Топ башында жүргөн адамдын ролу кадимки жашоодо да эбегейсиз, ал эми азыркы коогалуу доордо эселеп баа жеткис болуп калат эмеспи.
Жонсон менен Абэ таасирдүү гана эмес, өз өлкөлөрүнүн күчтүү саясатчылары эле. Анын үстүнө Улуу Британия менен Япония "Чоң жетиликке" кирип эле тим болбостон, Канада менен Италияга салыштырмалуу глобалдуу деңгээлдеги маанилүү оюнчу болуп саналышат.
Абэ Япония премьер-министрлигинен кеткенде деле башкаруучу болуп саналган Либералдык-демократиялык партиядагы ири фракцияны жетектеп келген. Тажрыйбасы, адамдык сапаттары кошулуп, Абэни япон саясатындагы №1 фигурага айланткан эле. Өз өлкөсүнүн саясатында таасир тийгизүү үчүн ага кайрадан премьерлик креслону ээлөөнүн зарылдыгы жок болчу.
Ал эми Британиянын отставкага кеткен премьер-министри Жонсон акылдуу эле эмес дымагы таш жарчу саясатчы. Даунинг-стритке кайтып келиши да мүмкүн, бирок ушу тапта таасири анча жакшы болбой, азырынча баарына четте көз салып турууга аргасыз.
Абэ киши колдуу болуп, Жонсон өкмөт жана партиядагы тарапташтарынын нааразычылыгынан улам ишинен кетсе да бул эки саясатчынын орток бир белгиси бар: эки күчтүү лидер четтетилди. Ооба, эки монархия тең өлкөнү бир киши жетектеген салттан оолак, ошентсе да күчтүү, дымактуу лидерлердин баштап-көздөп турушун, өзгөчө азыркыдай ааламды кризис каптап турган учурда, четке какпайт.
Балким Жонсондун кетиши менен Абэнин жок кылынышы тарыхый жактан кокустук эместир? Башкача айтканда, бул бүтүндөй бир доордун — Батыш үстөмдүк кылган замандын аягына чыгып бараткан белгисидир. 24-февралда батыш мезгилине чекит коюлган эле, "Чоң жетиликтин" Украинадагы атайын операцияга реакциясы муну тастыктаган. Реакциясы да эмес, Батыштын Россияны жазалап, обочолонтуу аракети айланып келип өзүнө муш болуп тийген учуру десек туура болчудай.
Мында кеп батыштан башка дүйнөнүн Батыштын тарабында болуудан баш тартканында деле эмес, маселе санкциянын кесепети айланып келип батыш мамлекеттеринин өзүнө тийип жатканында.
Россиянын президенти Владимир Путин Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
WSJ: Сауд Арабия АКШдан кол үзүп, Россияга жакындоодо
"Жетиликтин" мамлекеттеринин баарында ички саясий кырдаал анча жакшы эмес, энергетикалык кризис кошул-ташыл кылууда. Беш ай өтүп-өтпөй эле Батыштын алдыңкы делген өлкөлөрүнүн бийлик башында бир топ көйгөй жаралганы байкалып келет.
Байдендин рейтинги 30 пайызга чейин түшүп, ноябрда болуучу шайлоодо демократтарды жеңилүүгө дуушар кылчу жагдайга айланды.
Эммануэль Макрон президенттик шайлоого жеңишке жеткени менен парламенттик шайлоодо утулуп калды, эми анын өкмөтү парламенттик көпчүлүккө таяна албайт.
Италиядагы башкаруучу коалициянын негизги партиясы бөлүнүп-жарылууда. "Беш жылдыздын" катарынан ТИМ жетекчиси Ди Майо чыгып, өзү менен 60тай депутатты ала кетти. Конти башында турган өкмөткө азырынча бул кооптуулук жаратпаса да чыр Украинага курал жеткирүү тууралуу маселенин айланасында чыкты.
Ушундай эле көйгөй немец өкмөтүндө да байкалууда: азырынча ХДСнын жаңы лидери Фридрих Мерц башында турган оппозиция гана кекиртектеп жатат, бирок канцлер Шольц эмитеден "түстүү" коалициясын сактоонун жолун ойлонушу кажет. "Жашылдар" Украинага көбүрөөк жардам жөнөтүлсө деп турат, ал эми либералдуу демократтар алардын таза энергетикага өтөбүз деген демин басып, Россия газын алуу кыйын болуп турган чакта "кир" энергиядан кийинчерээк деле баш тартса болот дешүүдө.
Британия бийлигиндеги кризис Жонсон кетип эле бүтүп калбайт, тескерисинче, эки жылдан кийин болчу парламенттик шайлоого чейин бир топ ызы-чуу болчудай.
Башкача айтканда, "Жетиликтин" (Канада премьери Трюдонун кадыры деле артып кеткен жок) негизги мамлекеттеринде өкмөттүн абалы анча жакшы эмес, буга Украинанын таламын талашкан күрөш да бир топ салымын кошту. Күрөштүн өзү эмес, анын кесепети оор болду. Биз үчүн алардын Украина боюнча азыркы позициясы кызык болууда. Россияны жеңем деген куру үмүт менен курал-жарак жеткирүүнү улантышабы же ички саясий олку-солкулук этият болууга үйрөттүбү?
Аркы жээкте күчтүү оюнчу көрүнбөйт. Ооба, батыш лидерлеринин баары эле Россияны жеңүү керек деген пикирде эмес, бул англосактардын — АКШ, Улуу Британия жана Канаданын позициясы. Байден менен Жонсондун жеке сапаттары мааниге деле ээ эмес, истеблишменттин басымдуу бөлүгү да согушка ыктап турат. Ал эми континенталдык Европанын лидерлери Макрон, Шольц, Драги сөз жүзүндө эскалация жана "жеңмейинче согушууну" каалабаганы менен иш жүзүндө англосактардын жетегинде калууда. Тарткынчыктап, каршылык көрсөтүп, бирок англосактар чийип берген "европалык жолго" түшүп, башкача айтканда, Россия менен биротоло кол үзө тургандай кырдаалда. Убакыт өткөн сайын Европа украина согушуна көбүрөөк аралашып, Москва менен жылуу алака түзүү мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырай тургандай абалга кептелди.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Путин Батышка каршы жашыруун курал таап алганы айтылды
Натыйжада Европа Украинадан да кол жууп, Россия менен да мамилесин солгундатчу тарыхый тандоо алдында калды. Аны ким жасады? Олаф Шольцпу? Марио Драгиби? Же Эммануэль Макронбу? Булардын Европа кептелген чакырыктар менен күрөшүүгө алы жетпейт, анткени англосактардын Россияга каршы оюнунда жарытарлык үн ката алган жок. Антейин десең кээде ички саясий позицияларын курмандыкка чалып жиберип жатышат, анан тышкы саясатта арыштуу кадам жасай алмак беле...
Лидерликтин кризиси деген ушул — улуттук элитанын алсызданышы. Албетте, Макрондун ордунда де Голль болсо баары башкача болмок дегенден деле алыспыз, кеп мында эмес. Маселе батыш европалык жетекчилердин арасында Венгрия президенти Виктор Орбан сыяктуу адамдын жоктугунда. Элинин, мамлекетинин кызыкчылыгын улуу өнөктөшүнүн геосаясий оюнунан жогору койгон адам менен салыштырып да болбойт. Ооба, Орбан өзүнүн Венгриясы үчүн эле жооптуу, ал эми Макрон, Шольц менен Драги өздөрүн русофобиялык лобби күч болуп турган бүтүндөй Европа үчүн жоопкер сезишет. Бирок жеке инсандык сапаттын, масштабдын баары бир мааниси орчундуу. Макрон же Шольц өз өлкөсү үчүн жоопкерчиликти сезбей туруп Европаны кантип баштап-көздөп кете алары түшүнүксүз.
Албетте, таптакыр сезбейт деп айтууга болбойт, бирок эки тизгин, бир чылбырды аларга эч ким кармата койбос. Жамааттык башкаруу, демократиялык шайлоо, бийликтин алмашып туруусу дегенди бетке кармашат. Ушул себептүү коалиция түзүп, эптеп шартка ыңгайлашуу менен алек. Мындан улам жоопкерчилик азайып, саясий лидерлер майдаланууда.
Батышта бийликтин дал ушундай модели кылымдап жашап келе жатат. Бирок кыйынчылыкка туш болгондо эки тизгин, бир чылбыр өзүнөн өзү күчтүү инсанга берилчү, анткени бул жерде "сен кыйын, мен кыйын" эмес, мекенди сактап калуу башкы максатка айланчу. Азыр европалык мамлекеттерде да, жалпы Европанын деңгээлинде да андай мезгил экени байкалбайт. Бул кризис жок дегени түшүндүрөбү?
Кризис бар, тамыры өтө тереңде, батыш элитасынын аны аңдап түшүнүүгө чамасы чектелүү. Кылымдап топтогон күчү менен глобалдуу таасири көзүн тумандатып салган сыяктуу: аалам менин алаканымда деген дымак Батышты акырындап үстөмдүктөн да, ишеничтен да кетирди. Качан кол жууп калганын өзү да билбей калды. Англосаксондук глобалдашуунун модели минтип кыйрап турган учурда Батышта Путин менен теңата сүйлөшө турган киши жок экени ачыкталды. Араң турган абалды ого бетер оорлоштуруп Абэни да өлтүрүп кетишти, Жонсонду (Путинге канчалык көзү түз эмес болсо да) четтетип салышты.
Жарым кылымдан бери дүйнөлүк саясатта жүргөн Жо Байден азыр геосаясий реалдуулукту кабыл ала албай жатат. Анын үстүнө абалы да анча жакшы эмес, эң башкысы кыйрап бараткан, керек болсо кыйрап баратканын жакшы түшүнгөн өлкөнүн башында турат. Батыштын калган лидерлери мурдунан алысты көрө албайт, башкача айтканда, алдыдагы ондогон жылдарга жоопкерчилик ала албайт. Андыктан Путин Си Цзиньпин, Моди, Эрдоган, Рахбар Хаменеи менен сүйлөшөт. Бул жерде кеп аталган лидерлердин бийликтеги мөөнөтү тууралуу болгон жок, булардын Путин менен тигил же бул көйгөйдү түшүнүү, тарыхый жоопкерчиликти сезе билүү деңгээли бирдей. Анан, албетте, инсандык масштабда да жалпылык бар.
РФ ТИМи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
ТИМ: Москва Батыштын санкцияларына толук кандуу жооп бере элек
Жаңылыктар түрмөгү
0