"Бул башталышы эле". Евро менен доллардын келечегине сереп

© Sputnik / Наталья СеливерстоваМосквадагы акча алмаштыруу пункттары. Архив
Москвадагы акча алмаштыруу пункттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
20 жылдан бери алгач ирет евро менен доллардын наркы теңделди. Рекорддук инфляцияга жайбаракат чара көргөн Европа борбордук банкынын камырабастыгы да ушул көрүнүштөн даана байкалат.
Талдоочулар россиялык энергетикалык ресурстарды алууну азайтуу Европа биримдиги терең рецессияга кабыларын божомолдошот. Инвесторлор да оголе шек менен карашат. Ал тургай евро резервдик валюта макамынан ажырап калышы да мүмкүн экенин белгилейт Ирина Красикова. Серепчинин эл аралык валюталардын абалына баам салган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Жыйырма жылда мындай болгон эмес

Каатчылык каптаган 2008-жылы да евро доллардан 1,6 эсе кымбат эле. Ал эми азыр экөөнүн наркы бирдей болуп турат. Эксперттер АКШ Федералдык резервдик тутуму менен Европа борбордук банкынын саясаты өтө айырмаланарын айтышат.
Америкалык жөнгө салуучу инфляциянын өсүшүнөн улам быйыл базалык ченди үч жолу жогорулатып, ушул тапта 1,5-1,75 пайызга жетти. Европада бул көрсөткүч: мурдагы эле калыбында — терс 0,5 пайыз боюнча турат. Европа борбордук банкы акча-насыя саясатын катаалдатууга ашыкпастан экономиканы ликвиддүүлүк менен толтурууда. Кошмо Штаттардагы Федералдык резервдик система, тескерисинче, агрессивдүү аракетке өтүп, бул еврого катуу кысым көрсөтүүдө. Анын натыйжасында америкалык казыналык облигациялардын кирешелүүлүгү Европанын карыз милдеттенмелерине караганда кыйла жогору.
"АКШ экономикасынын жыйынтыктары бөлөк өлкөлөрдүн көпчүлүгүнө караганда дурус. Анан да долларга коргоо активи катары суроо-талап өсүүдө. Геосаясий чыңалуу убагында, дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн арышы жайлаганда, энергетикалык жана азык-түлүк каатчылыгы тооруганда дайым ушундай көрүнүш болот", — дейт TeleTrade маалымат-аналитикалык борборунун башкы экономисти Марк Гойхман.
Россиялык мунай жана көгүлтүр отко коюлган эмбаргонун айынан баарынан оболу Европа кыйналып жаткан убак. Өткөн айда еврозонада жылдык инфляция 8,5 пайызга чыгып, статистикалык эсептердин бүтүндөй тарыхында рекорд койду. Электр энергиясына тариф дээрлик 42 пайызга, азык-түлүк — 8,9, өнөр жай товарлары — 4,3. Айрыкча көмүрсуутектен көз каранды Балтика өлкөлөрүндө баалар өстү. Күйүүчү май менен айыл чарба сырьёсунун кымбатташы чөлкөмдүн экономикасын солгундатууда. Анан да ал жакка качкындар агылып, Россияга экспорт да кыскарган.
"Евронун куну энергетикалык каатчылыктан улам Европа аймагында рецессия коркунучунун айынан заматта төмөндөп кетти. Европа борбордук банкынын тоготпостугу да рыноктогу оюнчуларды узак позицияларын жыйыштырууга түрттү", — деген оюн ортого салат BitRiver агенттигинин каржылык талдоочусу Владислав Антонов.
Европа банкынын мурдагы президенти Жан-Клод Трише инвесторлорду еврозонага каршы ставка койбоого чакырды. Акыркы ирет пайыздык чен Европа борбордук банкын дал ошол киши жетектеп турганда – 2011-жылы көбөйтүлгөн. Жагдайды санкциялар жана логистикалык көйгөйлөр да начарлатууда. Булар АКШга караганда Европага бир топ сезилерлик экени жашыруун эмес.
Мунай жана жаратылыш газынын кымбатташынан улам жаралган рекорддук соода таңсыктыгы да катуу таасирин тийгизүүдө. Аналитиктер евронун долларга карата дагы чабалдай турганын боолголошот. Евро сатып алуунун пайдасы – анын арзандыгында. Ал эми терс жагы – инвестициялоонун татаалдыгында.
Европа биримдиги тушуккан кыйынчылыктар, Европа борбордук банкынын жумшак монетардык саясаты европалык экономиканы жана валютаны дагы бир топ жыл солгундатары айдан ачык.
Биржанын көрсөткүчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Дефолт капыстан башталып кетиши мүмкүн делген өлкөлөр белгилүү болду

Даяр эмес экен

АКШ Федералдык резервдик тутумунун ченди жогорулатуу цикли аяктап, ал эми Европа борбордук банкы акча-насыя саясатын катаалдатууга киришкенде гана кырдаал өзгөрөт. Бирок эң башкысы — мунай жана газдын баасы турукташуусу шарт.
Октябрь-декабрь айларына белгиленген фьючерстер боюнча бир мегаватт/саат эстониялыктарга 400 еврого, ал эми немецтерге — 300, француздарга — 800 евродон айланды. Азыркыдай опурталдуу жагдайда европалыктар "жашыл" пландарынан баш тартууга аргасыз. Кайрадан "ыплас" отунга, анын ичинде көмүргө кайтышууда. Акырындап Россияга каршы санкциялардын энергетика жаатындагы бүт залалын түшүнүп жатышат. Атап айтканда Австриянын Соода палатасынын президенти Харальд Марер мындай саясатты "салмакталбаган жана зыяндуу" деп атады. Анын айтымында, европалык бюрократтар мунун куну канча болорун калкка кабарлоону унуткарышкан.
Айрыкча көгүлтүр от европалык керектөөчүлөрдүн эсебин эңшерүүдө. Үч ай аралыгында августка карата фьючерс ICE биржасында 77,7 пайызга чыкты. Буга негизги себеп — Россиядан алынчу көлөмдүн кыскарышы.
"Европага карай беш маршруттун бирөө – "Түндүк агым" гана, анан да кубаттуулуктун үчтөн бири гана иштөөдө. OPAL түтүгүнүн польшалык тилкеси, "Түркия агымы", украиналык ГТС боюнча аз-аздан гана алынууда, — дейт AMarkets аналитикалык департаменттин жетекчиси Артем Деев.
Мындан тышкары, Канада оңдоп-түзөөдөн кийин "Түндүк агымдын" газ-компрессордук турбиналарын азырынча кайтара элек. Анын кесепетинен кубаттуулук 60 пайызга басаңдай түшкөн. Ага кошумча июлдун экинчи ортосуна профилактикалык убактылуу токтотуу да пландалган. Булардын баары Европада күзгү-кышкы сезонго көгүлтүр отту сактоочу жайларды толтуруу маалына туш келген. Натыйжада баа кайрадан асмандап кетти.
Канада турбиналарды 8-июлда жеткирип берүүнү убада кылганы, ал эми "Түндүк агымдагы" пландык иштер 21-июлдан кийин аяктаары тууралуу маалыматтардан кийин баа бир аз арзандады. Анткен менен көгүлтүр оттун баасы баары бир асман чапчып турган чагы. Рубль менен эсептешүүдөн айрым өлкөлөрдүн баш тарткан соң Россиядан импорттоо көлөмү да кескин азайып кеткен.
"Мындай шартта европалыктар энергетикалык ресурстарды үнөмдөөгө, альтернативдик жабдуучу жана жылуулуктун башка булагын издөөгө мажбур болууда", — деп белгилейт Деев.
Европанын америкалык суюлтулган жаратылыш газды алуу үмүтүн да таш капты. Танкерлер тартыш. Алар узак мөөнөткө башка багыттарга, негизинен Азияга жөнөтүлгөн.
"Европалык жер төлөдөгү газ сактоочу жайларда топтолгон көлөм да 60 пайызга жетпейт. Регламент 1-ноябрга чейин 80 пайызга толтурулушун талап кылат. Бирок муну жүзөгө ашыруу кыйын. Эгер андай талап аткарылбай калса, Европа биримдигинде көгүлтүр от февралга жетпей калат", — деп эскертет эксперт.
Талдоочулар Европада жаратылыш газы мындан ары да кымбаттай берерин болжошууда. Андан улам тиричилик кызматтарынын тарифтери жана азык-түлүк баалары асмандай турганы түшүнүктүү эмеспи.
Харьковдун жанында украиналык аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: украин кризисин создуктуруу Европаны кыйроого кептейт
Жаңылыктар түрмөгү
0