"Манас" эпосунун "Көкөтөйдүн ашы" бөлүгү англис тилине которулду

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРМанас” эпосунун “Көкөтөйдүн ашы” бөлүгү кыргыз тилинен англис тилине которулду
Манас” эпосунун   “Көкөтөйдүн ашы” бөлүгү кыргыз тилинен англис тилине которулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Жазылуу
Которулган китеп учурда чет өлкөлөрдүн окурмандарына тартууланууда.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. "Манас" эпосунун "Көкөтөйдүн ашы" бөлүгү кыргыз тилинен англис тилине которулду. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР

Министр Азамат Жаманкулов АКШнын Майами университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор менен жолуккан

Министр Азамат Жаманкулов АКШнын Майами университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор менен жолуккан - Sputnik Кыргызстан
1/2

Министр Азамат Жаманкулов АКШнын Майами университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор менен жолуккан

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР

Анда ал китептин бет ачарын Улуттук тарых музейинде өткөрүү алдында турганын айтып, мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирген

Анда ал китептин бет ачарын Улуттук тарых музейинде өткөрүү алдында турганын айтып, мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирген - Sputnik Кыргызстан
2/2

Анда ал китептин бет ачарын Улуттук тарых музейинде өткөрүү алдында турганын айтып, мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирген

1/2

Министр Азамат Жаманкулов АКШнын Майами университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор менен жолуккан

2/2

Анда ал китептин бет ачарын Улуттук тарых музейинде өткөрүү алдында турганын айтып, мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирген

Министр Азамат Жаманкулов АКШнын Майами университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор менен жолуккан. Анда ал китептин бет ачарын Улуттук тарых музейинде өткөрүү алдында турганын айтып, мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирген.
"Презентациянын уникалдуулугу — улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазылып алынган түп нуска биринчи жолу кыргыз тилинен англис тилине түз которулуп, Лондондо Penguin Classics сериясында басылып чыгып, чет өлкөлөрдүн окурмандарына тартууланууда", — деп айтылат маалыматта.
Жаманкулов бул китеп аркылуу дүйнө эли жалгыз гана "Манас" эпосу эмес, кыргыз элинин салттуу маданияты, жашоо турмушу, үрп-адаты менен кеңири тааныша аларына ишенип артып, Приорго ыраазычылык билдирди.
"Көкөтөйдүн ашы" "Манас" эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири. 1856-жылы Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүгүнөн Чокан Валихановдун көзөмөлү астында араб жазмасын билген кишилердин бири тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Кол жазма кадым формасында араб алфавити менен 47 баракты түзөт. Көлөмү 3319 сап ыр.
Ал эми Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы "Көкөтөйдүн ашын" кагаз бетине түшүрүүнү Каюм Мифтаков демилгелеп, кийин Ыбырайым Абдрахманов жазып алып бүгүнкү күнгө жеткирген.
Көкөтөйдүн ашын тасмадан көргүңүз келеби? Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2019
Көкөтөйдүн ашын тасмадан көргүңүз келеби? Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0