Бишкекте батирлер канчадан сатылып жатат? Июндагы баага сереп

Жазылуу
Июль айынын башында Бишкектеги кыймылсыз мүлк рыногунда кырдаал кандай өзгөргөнү менен таанышып алыңыздар.
Sputnik Кыргызстан ачык булактардагы маалыматтарды талдап борбор калаадагы батирлердин баасына баам салып турат. Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип жана мейманкана тибиндеги) орточо наркын көрсөтүп беребиз. Ошондой эле ичин өзү оңдоп ала турган элиталык батирлердин баасы тууралуу статистиканы чогултабыз.
Бул ирет июнь айынын башынан аягына чейин баалар кандай өзгөргөнүн салыштырдык. Материалды даярдоо учурунда 1 526 жарнамага анализ жасалды.
Бир бөлмөлүү батирлер кымбаттап, орто эсеп менен 400-1 500 долларга жогорулады. Бирок ичин өзү жасап ала турган үйлөр 2 000 долларга арзандады.
Эки бөлмөлүү батирлердин дагы баасы өстүп, өзгөчө жеке типтегилердин наркына 1 300 доллар кошулган.
Үч бөлмөлүүлөрдүн баасы да токтоп калган жок, мындай мүлк 1 400-2 600 долларга кымбаттады.
Ачык маалымат булактарына таянсак, июнь айынын соңунда Бишкекте бир бөлмөлүү батирлердин баасы төмөнкүдөй болду:
104-серия — 34 900 доллар (25 500дөн 48 800гө чейин);
105-серия — 32 400 (19 500дөн 39 800гө чейин);
106-серия — 36 100 (28 500дөн 47 200гө чейин);
"хрущевка" — 329 300 (23 500дөн 37 500гө чейин).
Бир бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (18ден 52 чарчы метрге чейин) — 31 900 (16 300дөн 52 000ге чейин);
өзү жасап ала тургандары (32ден 65 чарчы метрге чейин) — 31 700 (16 000дөн 52 500гө чейин).
Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 41 300 доллар (29 500дөн 51 000гө чейин);
105-серия — 46 300 (32 900дөн 64 500гө чейин);
106-серия — 49 700 (23 000дөн 69 000гө чейин);
"хрущевка" — 36 400 (24 800дөн 47 500гө чейин).
Эки бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (41ден 99 чарчы метрге чейин) — 45 200 (21 800дөн 78 000ге чейин);
өзү жасап ала тургандары (49дан 94 чарчы метрге чейин) — 52 000 (30 800дөн 113 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 49 600 доллар (40 500дөн 71 200гө чейин);
105-серия — 57 400 (37 500дөн 88 000ге чейин);
106-серия — 64 200 (45 600дөн 96 500гө чейин);
"хрущевка" — 45 800 (40 500дөн 56 500гө чейин).
Үч бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (46дан 160 чарчы метрге чейин) — 63 300 (30 500дөн 165 000гө чейин);
өзү жасап ала тургандары (75тен 125 чарчы метрге чейин) — 80 300 (30 000ден 150 000ге чейин).
Тема боюнча:
Баа өсүп жатат! Кыргызстандын унаа базарындагы абал
Жаңылыктар түрмөгү
0