Министрлик 40 реанимобиль, 70 санитардык унаа алууну пландап жатат. Баасы

© Пресс-служба правительства КРТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Жазылуу
Алынган техника шаарларга жана тоолуу аймактарга бөлүнөт.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстанга 40 реанимобиль жана 70 санитардык автоунаа сатып алуу пландалууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
Анын айтымында, буга кетчү 3 миллион долларды Европа өнүктүрүү банкы Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан гранттык негизде берет. Макулдашууну ратификациялоо үчүн парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетине киргизди.

"Гранттын бир миллион долларына 70 санитардык автотранспорт алынат. Ар бирине орто эсеп менен 14 285 доллардан каралган. Ал тоолуу райондорго жол тандабай жүрө турган болушу шарт. Анткени региондордо колдо бар техника эскирип, жарактан чыгууда. Калган 2 миллион долларга 40 даана реанимобиль алабыз. Анын ар бири 50 миң доллардан болот. Бишкекте 500-600 миң адам жашаган учурда 60 бригада керектелчү, андан бери адам саны үч эсе өстү, бирок 45-50 бригада гана иштейт. Сөзсүз түрдө бул керек болууда. Келгенден кийин калк жыш жайгашкан шаарларга бөлүп беребиз", — деди Касымбеков.

Депутат Айбек Маткеримов гранттык каражат деп эле кымбатын ала бербей баасына дагы көңүл бурууга чакырды.
Министрдин милдетин аткаруучу 2015-жылы япониялык Nissan үлгүсүндөгү реанимобиль 114 миң доллардан алынганын, ал эми Ford үлгүсүндөгүсү арзан болгону менен техникалык жактан сапаты анча эместигин белгилеп, техниканын үлгүсү тендер учурунда так аныкталарын кошумчалады.
Электробустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Бишкекке 120 электробус алуу үчүн Азия өнүктүрүү банкы 50,6 млн. доллар бөлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0