"Украинанын европалык чыйыры" Европа биримдигин эмнеге кептейт?

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDЕвропа биримдигинин имаратынын алдындагы митинг. Архив
Европа биримдигинин имаратынын алдындагы митинг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Жазылуу
Украинага Европа биримдиги мүчөлүккө талапкер макамын берүүнү чечти. Буга 27 өлкөнүн баарын көндүрүү кыйынга турду. Анткен менен мындай макам биримдикке кирүүнү кепилдей албастыгы айдан ачык.
Алыска барбай эле дээрлик жарым кылым күткөн Түркияны мисалга келтирели деп кеп учугун чубаган серепчи Петр Акопов. Анын макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Украина эч качан Европа биримдигине кирбейт деп айтууга болот. Жакында эле бул европалык каймактардын басымдуу бөлүгүнө түшүнүктүү болуп калды. Бирок алар орус агрессиясына айбат көрсөтүп турган "баатыр" Украинага саясий жана моралдык колдоо көрсөтүү керек дегендей гана түр көрсөтүп, талапкер макамын берүүнү (ЕБге кирүүгө ондогон жылдар керек болсо да) туура кадам деген бүтүмгө келишти.
Владимир Путин өткөндө эле, питердик форумдун жүрүшүндө, Украинага талапкерлик макамдын берилиши биздин ишибиз эмес, себеби бул аскердик блок эмес деген. Ошентсе да Европанын дооматтарына Россия унчукпай калбастыгы түшүнүктүү. Анан да ЕБ менен Украинанын ортосундагы ассоциация жөнүндөгү макулдашууга кол коюуга даярдык Европа менен Россиянын ортосундагы ансыз да кызып турган чыңалууну ого бетер күчөттү.
2013-жылдын күзүндө Путин аталган макулдашууга кол коюуну жылдыра турууга Януковичти көндүрөрү менен баары, атап айтканда, Майдан, төңкөрүш, Крым жана Донбасс окуялары башталган. Ассоциацияга 2014-жылдын мартында, ал эми экономикалык бөлүгүнө июнь айында жаңы бийлик тарабынан кол коюлган, башкача айтканда, "европалык тандоону" белгилөөгө өтө эле ашыгышкан.
Бирок Украинаны ЕБге кабыл алууга эч ким деле камынбаган. Буга анын тигил же бул көрсөткүчтөр боюнча даяр болбогону деле себеп эмес эле. Кептин баары Европа Украинанын чоочун экенин туюп турганында. Бейтааныш цивилизация, чоочун геосаясий мейкиндик, ушундай эле эмес, чоочундун бир бөлүгү экенин сезет. Албетте, Европа орус дүйнөсүнүн бир бөлүгүнө таасир эте билүүдөн баш тартпаса керек, бирок бул үчүн Россия менен согушуу тургай, андан кол үзүүгө баргысы жок. Россиялык атайын операция башталган төрт айдан бери эмне өзгөрдү?
Украиналык жоокер Харьковго жакын жерде өзүнүн формасында АКШнын желегин көрсөтүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
АКШ жана Британиянын "легионерлери" Украинага өлүм издеп келүүдө
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин континенттин негизги калкы, немецтер өздөрүнүн геосаясий жана идеялык суверенитетинен ажыраган. Европа кызыкчылыктардын барымтасында калып, англосактардын көзөмөлү өз формасын жана күчүн өзгөртүп, бирок анын нугун аныктоочу негизги фактор бойдон калган.
Геосаясий – аскердик жана идеологиялык көз карандылыгы Европанын чындап өз алдынча чечим кабыл алууга укук бербейт. Болбосо Европа биримдигинин түзүлүшү эртеби-кечпи эски дүйнөнүн эгемендигин кайтарууга жол ача алмак. Россия менен достук алакада болуу гана ошондой суверендүү Европанын калыптандырмак. Ушул маселени европалык стратегдердин баары түшүнгөн. СССР Чыгыш Европаны өзүнүн коммунисттик максаттарынан улам эмес, бул "бириккен Европанын" катуу чабуулунун мизин кайтарган соң көзөмөлүнө алганы маалым.
Ал эми Советтер Союзу ыдыраганда бир эреже сакталса, бул аймактагы өлкөлөр менен кадыресе мамиле түзүүгө эч нерсе бөгөт боло алган эмес. Бул – Европа менен орус дүйнөсүнүн чек араларын кайра карап чыгууга тырышпоо. Бирок Европа өз алдынча боло алса кана... Атлантикалык (НАТО аркылуу гана түгүл, ЕБдеги атлантикалык кадрлар аркылуу) көзөмөл европалыктардын улуттук мурас жана улуттук кызыкчылыктарынан да күчтүүлүк кылды өңдөнөт.
Натыйжада Европа биримдигин Украинага өз талаптарын белгилеп, анын территориясында Россия менен согушка аралашууга мажбурлашты. Бул европалык-россиялык алакага доо кетирди. Мындан Европа эмне утат? "Орус коркунучу" дегенге каршы чыгып, ЕБ өз ынтымагын чыңдап алабы? Анткен менен андай биримдик деле көпкө узабайт. Батыш европалык өлкөлөр Россия менен мамилесин түзөөгө киришкенде эле ынтымак солгундай түшөрү ырас эмеспи, анткени ЕБдеги русофобиялык фракция аларга кысым көрсөтөрү турулуу.
Апта башында Жо Байден "бул кайсы бир баскычта россиялыктар эмне алып кетип, Европа эмнени алып чыгууга даяр деген мааниде оюнга айланат", – деди. Бирок мында эч кандай тымызын максат жок, анткени баары ачык-айкын. Россия өзүнүкүн кайтарып, Европа чоочун оюнду ойноодо. Бул кырдаалда ким көбүрөөк алып кетип, ким акырына чейин чыгууга даяр? Эгер ушул суроого Европа жооп бергиси келбесе же азыр ачык жооп бере албаса, ал менен кандайдыр кеп козгоонун кажети барбы?
АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жетекчиси Саманта Пауэр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
USAID: Украинанын бир айлык чыгымы 5 млрд. доллардан ашып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0