Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

USAID: Украинанын бир айлык чыгымы 5 млрд. доллардан ашып жатат

CC BY 2.0 / United States Mission Geneva / АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жетекчиси Саманта Пауэр. Архив
АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жетекчиси Саманта Пауэр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Жазылуу
АКШ өкүлү муну "укмуштуудай" чыгым деп сыпаттады. Ал ошондой эле Вашингтондун Украина бюджети үчүн бөлүп жаткан 7,5 миллиард доллары жетишсиз экенин белгиледи.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Украинанын бийлиги уланып жаткан жаңжалдын фонунда ай сайын 5-6 миллиард доллар сарптап жатат. Бул тууралуу АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жетекчиси Саманта Пауэр Дүйнөлүк банктагы жыйында сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жүрүп жаткан согушка туруштук берүү үчүн бул бийлик (Украина — ред.) орто эсеп менен алганда ай сайын 5-6 миллиард доллар сарптап жатат", — деди Пауэр.
АКШ өкүлү муну "укмуштуудай" чыгым деп сыпаттады. Пауэр Вашингтондун Украина бюджети үчүн бөлүп жаткан 7,5 миллиард доллары жетишсиз экенин белгиледи.
Май айынын соңунда АКШнын президенти Жо Байден Украинага кезектеги колдоо көрсөтүү пакетине кол койгон. Анын көлөмү дээрлик 40 миллиард долларды түзгөн. Бул каражаттын 20 миллиарды Киевге аскердик жабдык жана техникалык колдоо катары, 9 миллиарды экономикага, 4 миллиарддан ашыгы гумжардамга, дагы 4 миллиард АКШнын мамлекеттик департаментинин коргонуу аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн сарпталары айтылган.
Ал эми Украинанын финансы министри Сергей Марченко АКШнын жаңы колдоо пакети боюнча бюджетке болгону 7,5 миллиард доллар түшө турганын билдирген. Ал ошондой эле украиналык бюджеттин айлык дефицити 5 миллиард долларды түзүп жатканын жана каржылоонун эң негизги булагы чет элдик каражат экенин кошумчалаган.
24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Анын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Батыш кайрадан "Россияны жеңүүгө" белсенди
Жаңылыктар түрмөгү
0