Тойканалардан чыккан чокко күйүп жабыркагандар көбөйдү. Комбустиологдун маеги

© Sputnik / Александр Патрин / Медиабанкка өтүүОт күйүп жаткан очок. Архив
От күйүп жаткан очок. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Жазылуу
адам күйүктөн жабыркап ооруканага кайрылат. Алардын көбүн термикалык күйүккө кабылгандар түзөт. Өзгөчө ата-энелердин этиятсыздыгынан жаш балдар көп жабыркап калат.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто комбустиолог Темир Турсалиев болду. Биз күйүккө кабылган учурдагы биринчи жардам жана аны дарылоо иштери тууралуу сүйлөштүк.
© Sputnik / Асель СыдыковаКомбустиолог Темир Турсалиев
Врач комбустиолог Темир Турсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Комбустиолог Темир Турсалиев
— Күйүккө кабылган бейтаптардын көбү эмнеден жабыркап кайрылышат?
— Бизде жылына 2000ге жакын адам ар кандай даражадагы күйүк менен ооруканага кайрылып турат. Оттон, химиялык уулуу заттардан жана чагылгандан күйүп калган учурлар аз. Көбү термикалык күйүккө кабылгандар. Бул негизи чоң кишилердин этиятсыздыгынан келип чыгат. Ысык чайнекти алып баланын жанына отуруп алат же күйүп калууга мүмкүн болгон затты кол жеткис, коопсуз жерге койбойт. Аны балдар тартып алып же ага чалынат. Көбүнчө ушундай окуялар кайталана берет.
Союз мезгилинде азыркыдай тойканалар, кафелер жокко эсе болчу. Көбүнчө той-аштарды эл-журт үйүндө өткөрүп, бала чуркап бара жатып самоорго чалынып же чоң кишилер ичимдик ичип алып казандагы оокат-ашка жыгылган учурлары байма-бай кездешчү. Кийин тойканалар салынганы мындай кырсык жокко эсе болуп калды. Бирок ошол эле тойканалардын айынан башка көйгөй пайда болду. Өткөн жылкы статистиканы алып көрсөк, кышында кафелерден чыккан ысык чокко күйүп калгандар келип жатышты. Тойканалар очоктун күлүн чыгарганда, чогу менен алып чыгып кафенин тегерегине төгүп коюшат. Кар жаап кеткен күндө дагы ысык чок өчпөй тура берет экен. Анан чоң кишилер, кичине балдар үстүн кар басып турган чокту байкабай басып алып, ага буту кирип кетет же үстүнө жыгылып түшөт. Ушундай окуялар бизде акыркы учурда көп кездешчү болду. Ошондуктан учурдан пайдаланып кафенин ээлерине чокту өчүрүп, муздатып, алысыраак жакка алып барып төгүп, коопсуздук жагын да карасаңар деп айткым келет.
— Биринчи жардам кандай болушу керек?
— Алгач кийимди тез чечип, жараатты муздатууга аракет көрүү зарыл. Эң жөнөкөй жолу муздак суу. Мисалы, сүлгүнү муздак сууга салып туруп жараатты таңса анча тереңдеп кетпейт. Күйүк учурунда организмден суюктук көп кетет, мындан улам кан коюуланып, оор жагдай жаралат. Муну биз "плазма жоготуу" деп коёбуз. Жараат канчалык чоң болсо, кан ошончолук коюуланат. Биринчи жардам көрсөткөн соң бейтапты дароо ооруканага жеткирүү керек. Эгер алыскы райондо болсо телефон аркылуу да консультация беребиз.
— Күйүктүн кесепети кандай ооруларга алып келиши мүмкүн?
— Союз учурунда күйүктөн кийин оорунун кабылдап кетүүсү көп кездешчү. Азыр ал кескин азайды. Мүмкүн эл да туура мамиле жасоону билип калгандыр. Дарыгерлерге убагында кайрылганда алар жаранын абалына жараша организм жоготкон суюктукту куюп ордун толуктайт. Анын арты менен кан суюлуп, оору кабылдабай, бейтап тез сакайып кетет.
— Анан да күйүккө айрымдар картошканы аарчып баса коюп, тиш пастасын же түрдүү майларды сүйкөп жиберишет. Бул канчалык деңгээлде туура?
— Ооба, бизге деле тиш пастасын, томат пастасын же ылай сүйкөп келишет. Муну менен алар ысыгын алып муздатып жиберебиз деп ойлошот. Бирок сууланган сүлгү же муздак суу пайдаланган эле туура. Мында ооруканага келгенде жарааттын канчалык деңгээлде оор экени да ачык көрүнөт. Анан ар кандай томат пасталарын же башка заттарды сүйкөп келгенде дарылоо жагын так болжой албай кыйналабыз. Анткени жарааттын тереңдиги, өңү билинбей калат. Айла жок жууп салууга туура келет. Мында микроб кирип кетиши да мүмкүн.
Сууга түшүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Сууга адам үч себептен улам чөгөт. Маанилүү 8 суроого жооп
— Күйүк адамдын башка органдарын да жабыркатып кеткен учурлар болот да...
— Күйүктүн адамдын саламаттыгына зыян келтирчү кесепети көп. Мисалы, катуу күйгөн кишинин өпкөсү, бөйрөгү, ашказан менен ичеги-карды жабыркайт, канаганга чейин барат. Бул эми күйүктүн көлөмүнө жана деңгээлине жараша. Чоң кишилердин мурунку оорулары козголот.
— Комбустиологдорду даярдоо жагы кандай, кадрлар жетиштүүбү?
— Райондордон адистерди окууга 1-1,5 айлык мөөнөткө бизге жиберип турушат. Аймактарда күйүктүн жеңил түрүн дарылай беришет. Бирок оор болсо бизге жөнөтүп, көбүнчө операция да жасап калабыз. Азыр райондорго санавиация аркылуу жардам көрсөтөбүз. Комбустиологдорду даярдоого да көңүл бурсак жакшы болот эле.
— Күйүктүн даражасын кантип аныктайсыздар?
— Мисалы, чоң кишиники жана кичинекей баланыкы алаканынын өлчөмүндөй жер болсо 1 пайыз болуп саналат. Биз ошону менен аныктайбыз. Бир жоон саны 18 пайыз, бир колу 9 пайыз деп эле эсептелип кете берет. Жарааттын өңүнө карата тереңдигин билебиз, ошол себептен томат, тиш пастасын же ар кандай майларды сүйкөбөш керек. Аны жууганда ооруп, бейтап да ашыкча кыйналат.
— Кайсы убакта үй шартында дарылоо мүмкүнчүлүгү болот?
— Кичине балдардын күйүгү 3 пайыздан жогору болсо капельница коюлуп, дарылоо иши жүргүзүлөт. Ага жетпеген күйүктү үй шартында дарылоого болот. Айрым учурда көлөмү кичине болгону менен тереңирээк жараат болуп калышы мүмкүн. Алыскы райондо муну ар кайсы майды (мазь — ред.) шыбап үйдө отуруп алышат. Баланын таманы менен алаканы күйсө көптө айыгат. Ошондой эле жараат айыккан соң адамдын терисинде тырык калып калат. Балдар чоңойгон сайын тырык колу-бутун кыйшайтып майыптыкка алып келет. Ошондуктан дарыгерлерге бир көрүнүп койсо, териде тырыкты алдын алуу иштерин жүргүзүп, аягы жакшы бүтөт. Чоң кишилердин буту-колу өсүп-жетилип калгандыктан көп коркунуч жок. Ал эми кичине балдарды абдан этияттоо керек. Тырыктан буту-колу кыйшайып калса, тырыкты кесип, башка жеринен тери алып ошол жерге чаптоого туура келет. Бул бала үчүн кыйыныраак операция болуп калат.
— Уксус өңдүү химиялык заттарга күйүп калган учурда кандай айла кылабыз?
— Бул учурда күйүп калган жаранын бетиндеги химиялык затты кетирүү үчүн суу менен улам-улам жууп туруу керек. Ушул жол менен күйүктүн тереңдигин алдын алса болот. Ал эми химиялык затты ичип алып тамагы күйүп калганда мурун кайра кустурганга аракет кылышчу. Бирок бул ыкмага тыюу салынганына көп болду. Анткени кусканда тамакты кайра бир жолу күйгүзүп кетет. Андан көрө уулуу заттын реакциясын азайтуу үчүн суу көп ичүү керек.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун улук кызматкери, доцент, медицина илимдеринин кандидаты, невролог Уулболсун Нурбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Тукум кууган оору атадан өтөбү же энеденби? Нейрогенетик Нурбекова менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0