Сууга адам үч себептен улам чөгөт. Маанилүү 8 суроого жооп
20:15 15.06.2022 (Жаңыртылды: 09:23 16.06.2022)
© Sputnik / Владимир Федоренко
/ Жазылуу
Быйыл жай мезгилинин башталышынан бери 20 адам сууга чөгүп кеткен. Кырсык каш-кабактын ортосунда экени белгилүү, андыктан адис айткан кеңештерди билип алганыбыз оң.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суунун алдында техникалык иштерди жүргүзүү борборунун башчысынын орун басары Замирбек Жумаков Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысынын суроолоруна жооп берди.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Суучулдарды даярдоо жана суунун алдында техникалык иштерди жүргүзүү борборунун башчысынын орун басары Замирбек Жумаков
Суучулдарды даярдоо жана суунун алдында техникалык иштерди жүргүзүү борборунун башчысынын орун басары Замирбек Жумаков
— Ата-энелер сууга түшүүгө барганда эмнеге көңүл бурушу керек?
— Балдарды сууга түшүүгө уруксат берилген гана жайларга алып баруу керек. Анан да куткаруучулардын бар же жогуна көңүл буруу зарыл. Эс алуучу жайдан куткаруучу адистерди, шаймандарды талап кылууга жарандардын укугу бар.
— Сууга түшүү жана өзүн алып жүрүү эрежелери тууралуу айтып берсеңиз?
— Бизде суу обьектилеринде адам өмүрүн коргоо боюнча 466-токтом (2011-жылдын 13-августунда) менен бекитилген атайын эреже бар. Ага ылайык, уруксат берилген жайларда гана сууга түшүү керек. Агын сууларга, көлмөлөргө, каналдарга, ар кандай карьерлерге жана суу толуп калган жерлерде сууга түшүүгө уруксат берилбейт.
Анан пристань десе эле баары сууга секирген жер деп ойлошот. Бул негизи кеме, кайыктар токтоп жүгүн түшүрө турган аймак.
— Балдарды суу кырсыгынан кантип коргой алабыз?
— Көбү кичине балдарды чоң кишилердин арасына же суунун терең жерлерине чейин алып барышат. Бул туура эмес. 12 жашка чейинки балдар 1 метр же 80 сантиметрге чейин тереңдикке түшкөнү оң. Суунун түбүнө буту тийбей калса эле адам дүрбөлөң түшө баштайт. Ошол себептен балдар үчүн атайын коргоого алынган аймак болушу керек. Балдар ата-энесинин кароосу жок сууга түшүүсү мүмкүн эмес. Жанында көзөмөлдөй турган жакын адамы болушу шарт. Көлгө барганда куткаруучу шаймандар, шакекчелер, күрмөлөр жана медициналык жабдыктардын бар же жогуна көңүл бургула. Эреже боюнча жээкте 30 метр сайын куткаруучу шаймандар, 50 метр сайын куткаруучу адис, ар бир 150 метрде кайык жана 300 метрде моторлуу кайык болот. Жээктен 50 метр өткөндөн кийин суунун тереңдиги атайын белги менен көрсөтүлүп, тосулат. Эгер ага жетпей эле суу терең болуп кетсе, чектөө талап кылынат. Эс алуучу жээк кеме токтоочу жайларга, курулуш жайларына жакын болбошу абзел.
— Адам чөгүп жатканын кантип билсе болот?
— Сууга чөгүп жаткан киши менен жөн гана чабак уруп жаткан адамды айырмалоо кыйын. Анын үстүнө көпчүлүктө эч кимге билинбей калышы ыктымал. Чоң киши кыйкырганга, өзү чыкканга аракет кылышы мүмкүн, ал эми кичине бала түшүнбөй да калышы ыктымал. Ал жанындагыларга ойноп же сүзүп бара жаткандай көрүнөт. Кыргыздарда "кырсык каш-кабактын ортосунда" деп коёт. Ошол себептен эки жакты карап сак болушубуз зарыл.
© Sputnik / Табылды КадырбековЗамирбек Жумаков: Сууга адам үч себептен улам чөгүп кетет. Биринчисинде суу жутуп алат, экинчиден дем алуу органдары жабылып калат (рефлекстик), үчүнчүсү муздак сууга секиргенде жүрөкт токтоп калышы мүмкүн.
Замирбек Жумаков: Сууга адам үч себептен улам чөгүп кетет. Биринчисинде суу жутуп алат, экинчиден дем алуу органдары жабылып калат (рефлекстик), үчүнчүсү муздак сууга секиргенде жүрөкт токтоп калышы мүмкүн.
— Кандай жардам көрсөтүүгө болот?
— Кокус сууга чөгүп бараткан адамды байкап калсаңыз куткаруучуларды чакырыңыз. Ошондой эле сууга аркан, жыгач, баллон же жилет болобу, ыргытуу керек. Чөгүп жаткан адамды аркасынан же суунун асты менен барып куткарган оң. Анткени ал жанталашып жатып куткарууга барган адамды кошо чөктүрүшү мүмкүн. Мында трагедия көбүрөөк болуп калат. Жакын жерде куткаруучу жок болуп калса, өзүңүз сүзгөндү билсеңиз жаныңызга чабак урганды билген эки-үч адамды алып, чөгүп жаткан адамга тезирээк барыңыз. Эгер сиз көлдүн жээгинде эмес, сууда болуп калсаңыз, үнүңүздүн жетишинче кыйкырып элди жардам берүүгө чакырыңыз. Анткени чөккөн адамга бир эле кишинин алы келбей калышы ыктымал.
— Баланы сууда канча убакыт кармаган туура?
— Врачтардын сунушу боюнча балдар эле эмес чоңдор да бир түшкөндө сууда 15-20 мүнөт эле болушу керек. Ошол кезде суунун темпратурасы 18 градустан төмөн болбосун. Анткени адамдын денеси муздак сууга башкача реакция берет. Андан улам булчуңдар тырышып чөгүп кетүү коркунучу жаралат. Бассейн менен көлмөнүн суусунун да айырмасы бар. Бассейнде сууга сүзгөндү үйрөнгөн баланы көлмөгө коё берип койбоңуз. Айрымдар атасы же агасы "үйрөнөсүң" деп сууга ыргытып койгондон кийин жанталашып жатып өзү сүзгөндү үйрөнүп кеткенин айтышат. Бул кооптуу. Анткени көз ачып-жумганча эле суу жутуп алуу мүмкүн, андан кийин адамда паника башталат. Ошону менен бирге чөгүп кетпесе да бала психологиялык жактан жабыр тартып, кийин суудан коркуп калышы ыктымал.
— Сууга чөгүп кеткен кишиге көрсөтүлүүчү алгачкы жардам кандай болот?
— Ал адамды жээкке алып чыккандан кийин дем алуусун, жүрөгү согуп, көзү реакция берип жатканын текшерип, анан ооз көңдөйүндөгү дем алуу органдарын тазалап, өпкөсүнө суу толуп кетпегенин кароо керек. Ошол учурда аба жетпей адам көгөрүп да кетиши мүмкүн. Адамды көмкөрөсүнөн жаткырып, далысынан басып, өпкөдөгү сууну чыгаруу керек. Же оозуна эки-үч сапар үйлөп, өпкөсүнө укалоо жасалат. Үйлөгөндө аба ичине эмес, өпкөгө кириши зарыл.
Сууга адам үч себептен улам чөгүп кетет. Биринчисинде суу жутуп алат, экинчиден дем алуу органдары жабылып калат (рефлекстик), үчүнчүсү муздак сууга секиргенде жүрөкт токтоп калышы мүмкүн. Бул аялдар менен кичине балдарда көп кездешет.
— Суучулдар менен суудан куткаруучулардын кандай айырмасы бар?
— Көпчүлүк учурда экөөнү алмаштырып алышат. Суучулдар булар суунун түбүнө кирип, суу астындагы техникалык иштерди алып барат. Бул бир аз татаал кесип. Ал эми суудан куткаруучулар суу үстүндөгү иштерди жасайт.