00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тамашалап койду. Мугалимдерди сындаган баланын апасы жана директор эмне дейт

© Sputnik / Эмиль СадыровКөчөдө бараткан мектеп бүтүрүүчүсү. Архив
Көчөдө бараткан мектеп бүтүрүүчүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Жазылуу
Тараптар бири-бирине доосу жоктугун айтууда. Мектеп жетекчилиги окуучунун дооматын төгүндөп жатат.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Сузакта мугалимдерди жана окутуу системасын сындаган окуучунун билдирүүсү тамаша катары айтылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине баланын энеси жана мектеп директору, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси билдирди.
Учурда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Аркадий Гайдар атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү мектебин жана мугалимдерди сындаган видеосу соцтармакта кызуу талкууланууда. Ал дене тарбия мугалими ичип келип сабак өтөрүн айтып, англис тилин окутуунун жыйынтыгы нөлгө барабар деп сыпаттаган.
Бүтүрүүчүнүн өзүнүн пикирин угуп, жагдай боюнча комментарий алууга ата-энеси уруксат берген жок. Ал арада баланын "айткан сөзүмдү пранк катары кабыл алгыла" деген видеосу тарады.
Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Тынчтык Үсөнов ал шаарда окуп жаткандыктан быйыл 11-январда директордун буйругу менен мектептен чыгарылганын билдирди.
"Ал бала биздин мектепте окубай калган экен. "Акыркы коңгуроо" салтанатына аны эч ким чакырган эмес, өзү келип катышкан. Кыскасы, ал бизге тиешелүү окуучу эмес. Анын айткан сөзү боюнча териштирдик. Бала өзү англис тили сабагына көп кирбей коёт экен. Болбосо ал мугалимдин көп жылдык тажрыйбасы бар, Эл агартуунун мыктысы. Окуучу менен өз ара пикир келишпестик болгон. Ал эми дене тарбия мугалими беш маал намаз окуп, ичимдик ичпей турганын айтышты", — деди Үсөнов.
Ошондой эле ал бүтүрүүчүгө карата эч кандай басым болбогонун белгиледи.
Ал эми мектеп директору Сапия Шамшидинова окуучуну апасы ээрчитип келип кечирим сурашканын айтууда. Аны менен катар сын уккан англис тили мугалими ооруканага түшүп калганын билдирди.
"Бул бала "Акыркы коңгуроого" капыстан келип кошулуп калды. Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери эмнеге антип айтканын сураса "пранк болчу" дептир. Ошол эле күнү салтанаттан кийин бала өзү келип "Жөн эле куттуктайын дегем, капыстан айтылып кетти. Пранк катары кабыл алып коюңуздар" деп кечирим сураган. Англис тили мугалими кан басымы көтөрүлүп ооруканага түшүп калды. Ага да барып кечирим сураптыр. Кечээ апасы дагы баласын ээрчитип келип кечирим сурап кетти. Биз тараптан эч кандай коркутуу же басым болгон жок. Өзүбүз шок абалда калдык. Видео тарап кеткенин көрүп таң калып жатабыз", — деди директор.
Бүтүрүүчүнүн апасы Анаргүл Токторбаева да баласы тамаша катары гана айтып койгонун, эч ким басым жасабаганын билдирди.
"Балам достору менен тамашалашып атып эле чыгып сүйлөп койгон экен. Даярданып барган эмес. "Эмнеге анттиң, ошондой жерде дагы тамашалайсыңбы" деп урушуп жатабыз. Эми балалык кылыптыр да. Балам сонун окуйт, мугалимдери менен да мамилеси жакшы. Эч кандай көйгөй жок, кыжалат болбогула. Бизге эч ким, эч нерсе айткан жок. Айыл кичинекей, директор, мугалимдери менен да мамилебиз жакшы", — деди Токторбаева.
Ошондой эле ал баласы программист курсуна окуйм деп мугалимдеринен, директорунан уруксат алып Бишкекке кеткенин айтты. Мектептен чыгарылган эмес, ушул жакта экзамен тапшырып, аттестат аларын белгиледи.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бул жагдай министрликтин көзөмөлүндө турганын билдирди.
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Милиция мугалимден таяк жеген кыз боюнча тергөө баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0