Айла жок эле... Сузакта бүтүрүүчүнүн мектептин окутуу системасын сындаган видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептин бүтүрүүчүлөрү "Акыркы коңгуроо" учурунда. Архив
Мектептин бүтүрүүчүлөрү Акыркы коңгуроо  учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Жазылуу
Бүтүрүүчү мектеп жамааты менен окуучулар чогулган салтанатта нааразылыгын билдирип, ыймандай сырын айткан.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Социалдык тармакка Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Аркадий Гайдар атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсүнүн "Акыркы коңгуроо" салтанатында билим алган мектебин жана мугалимдерди сындаган видеосу желдей тарады.
Бүтүрүүчүнүн тайманбай сындап, мектептеги бир катар көрүнүштөрдү кемчилик деп баалаганы жана жасаган билдирүүсү боюнча азырынча Билим берүү жана илим министрлиги комментарий бере элек.
Окуучу конкреттүү түрдө англис тили сабагынын окутулушунун жыйынтыгын жана дене тарбия мугалиминин педагог катары өзүн алып жүрүүсүн сынга алган.
Төмөндө бүтүрүүчүнүн салтанат учурунда сүйлөгөн сөзүн толук беребиз.
"Мен негизинен Гайдар мектебинин бардык мугалимдерин чын жүрөктөн сыйлайм. Жашоодо негизи жакшы адамдар. Жашоодо да жакшы тааныйм. Анан "Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат" деген макал бар. Бирок бүгүн мен күйдүрүп айтайын деп жатам. Эгер сүйдүрүп же башка айтсам менин сөзүм жетчү жерге жетпей калат. Мага негизинен ушул мектептин системасы мурдатан жаккан эмес. Айла жок гана окуп жүргөм, анткени башка тандоо болгон эмес. Бардык мектепти айта албайм, бирок биздин мектепте англис тили сабагы окутулат, жыйынтык нөл же 1%.
Дене тарбия сабагынан атын атабайын, бирок агайыбыз алкоголь жыттанып же спирт жыттанып келгени мектеп үчүн 100 пайыз уят. Тыныгуу убагында сыртта тамеки чегип турган агайлар, силер окуучуларга "тамеки чекпе" деп айтканга моралдык укугуңар жок. Ушуну айтайын дегем мурдатан. Эми элестетип көрөбүз, 10 жыл мурда телефон колдонгонсуңар, кнопкалуу телефон. Азыркы телефонуңарды карагыла, смартфон, отпечатка, Google, бардык маалыматты таап алса болот. Элестетебиз, 10 жыл мурунку мектептин билим берүүсүн азыркы билим берүү менен салыштырып көргүлө, айырма жок, өзгөрүү болгон жок. Мен сөзүмдү жыйынтыктайм.
Урматтуу мугалимдер, менин сөзүмдү туура жагынан кабыл алып, туура түшүнгүлө. Буга чейин бул сөздөрдү менден башка эч ким айта алган эмес. Керек болсо айткандан коркот болчу. Силер мени жаман көрсөңөр силерге дагы, мага дагы пайда жок. Туура түшүнгүлө. Эгер мени жаман көрсөңөр, анда айла жок", — деп айткан ал.
Бишкектеги мектепте акыркы коңгуроо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Классташтар, коштошуу бийи, кучак толо гүл... Ак жол сага, бүтүрүүчү!
Жаңылыктар түрмөгү
0