Мээ кайнаткан ысык болобу? Июль айына карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Жазылуу
Жаан-чачындын айлык көлөмү кээ бир жерлерде нормадан көп болушу ыктымал.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет июль айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратып, өлкөнүн көп облустарында абанын температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометИюль айындагы абанын орточо температурасы
Среднемесячная температура воздуха по Кыргызстану в июле 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Июль айындагы абанын орточо температурасы
Жаан-чачындын айлык көлөмү Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде климаттык нормадан көп, Чүйдүн дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абаддын өрөөндөрүндө, Чаткал, Алай, Суусамыр өрөөндөрүндө нормага жакын, Талас, Баткенде нормадан аз болушу күтүлөт.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометИюльдагы жаан-чачындын орточо көлөмү
Среднемесячное количество осадков в Кыргызстане в июле 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Июльдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 23…25 градус, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 16…18 градус жылуу болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +12…+17ден 20…25 градуска чейин жылуу болот. Күндүз 23…28 градустан 33…38 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 21…23 градуска жетиши ыктымал.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +7…+12ден 15…20 градуска чейин жылуу болот. Күндүз 22…27 градустан 31…36 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу мүмкүн.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 24…26 градус, тоо этектериндеги райондордо 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +12…+17ден 19…24 градуска чейин, күндүз +25…+30тан 34…39 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан көп болушу ыктымал.
Өзгөчө сезим калтырат! Кумдуу бороондун кишини кайдыгер калтырбаган 11 сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Өзгөчө сезим калтырат! Кумдуу бороондун кишини кайдыгер калтырбаган 11 сүрөтү

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 24…26 градус, тоо этектериндеги райондордо 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +12…+17ден 19…24 градуска чейин жылуу, күндүз 25…30 градустан 34…39 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан көп болушу мүмкүн.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 24…26 градус, тоо этектериндеги райондордо 20…22 градуска жетиши күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градустан 19…24 градуска чейин, күндүз +25…+30тан 34…39 градуска чейин ысык болушу божомолдонду.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 17…19 градус жылыйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5…10 градустан 13…18 градуска чейин, күндүз 16…21 градустан 26…31 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болору айтылды.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +17…+19 градуска жетет. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градустан 10…15 градуска чейин, күндүз 15…20 градустан 26…31 градуска чейин ысык болушу ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлүүдө.
Ысыкта бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Мээ кайнаткан ысыктан кыйналган организмди кантип коргоо керек
Жаңылыктар түрмөгү
0