Мээ кайнаткан ысыктан кыйналган организмди кантип коргоо керек

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЫсыкта бараткан киши. Архивдик сүрөт
Ысыкта бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Жазылуу
Иликтөөлөр ысыктан киши тез чарчап, ишинин натыйжалуулугу төмөндөп кетерин көрсөткөн.
Жай мезгилин көбүбүз узакка чейин сейилдөөгө, эмгек өргүүгө чыгууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн жакшы көрүп, чыдамсыздык менен күтөбүз. Күн тийип, жүрөк-кан тамыр системасына, иммунитет менен маанайга жооп берген D витамининин көбөйүшү да саламаттыкты жакшыртат. Бирок күн адаттан тыш ысык баштаганда баары өзгөрүп, организмдин иши үзгүлтүккө учурайт.
Ысыктын организмге кандай таасир этип, бул мезгилде эмне кылуу керектигин Sputnik Беларусь агенттиги тизмектеп чыккан.

Мээ кайнаткан ысык

Жайында адамдардын көпчүлүгү эмоционалдык жактан кыйналат. Негизи мындай көрүнүш күз-кыш айларына мүнөздүү, бирок ачуу тийген күн жана үйдөгү үп уйкуну качырат. Натыйжада адамдын башы ооруп, шалдырап калат.
Жел кирбеген бөлмөлөр, күндүн жарыгы шакыйды да шарттайт.
Адамды стресске көбүрөөк кабылткан мезгил да жай айлары болуп саналат. Окумуштуулардын айтымында, стресс гормону болгон кортизолдун деңгээли жайында көтөрүлүп кетет.
Күндүн өтө ысып кетиши адамды кыжаалат кылып, мындан улам жүрүм-турум да өзгөрөт. Иликтөөлөр ысыктан киши тез чарчап, ишинин натыйжалуулугу төмөндөп кетерин көрсөткөн. Башкача айтканда, иштегенге алы калбай калат.
Ысыкта организмдеги суу жана туз балансы бузулат, мунун айынан клеткалар "ачка калып", жүрөк оорулары көбөйөт.
Ысык гелиозду шарттап, адамдын дене табы көтөрүлөт, жүрөгүнүн согушу ылдамдап, жүрөгү айланат.
Күндүн ультрафиолет нурлары шишиктерди пайда кылып, терини карытып жиберет.

Кантип коргонуу керек?

ачык жерде эмес, бак-дарактуу, көлөкө жерде сейилдөө кажет;
күндөн коргоочу көз айнек тагынып, баш кийим кийип, SPF коргоосу бар кремдерди колдонуу зарыл;
сууну көп ичип, жеңил тамак жеш керек;
спирт ичимдигинен баш тартуу оң;
кондиционерди колдонууда аша чаап кетпеш керек. Өйдө-ылдый болгон температура адамды оорутат.
Үйдүн жашоочулары балкондо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Кондиционер жок деп кейибеңиз! Үйдү салкындатуунун 11 ыкмасы
Адам суу ичип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Ысыкта канча суу ичүү керек жана кайсы суусундук зыян. Кеп-кеңеш
Жаңылыктар түрмөгү
0