Өзгөчө сезим калтырат! Кумдуу бороондун кишини кайдыгер калтырбаган 11 сүрөтү

Жазылуу
Кум жана чаң бороонуна адатта планетанын чөлдүү жана жарым чөлдүү аймактары кабылат. Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөгүнөн ар кыл өлкөлөрдө атмосфералык бул көрүнүштүн кандай болгонуна баам салсаңыз болот.
Кум жана чаң бороону мурда болгон жана эми да боло берчү метеорологиялык кооптуу кубулуш. Анткен менен жыл сайын кайталанган сайын ал көп өлкөлөрдө жан-жаныбардын жашоосуна, техникага өзүнүн терс таасирин тийгизип келет. Алар адатта циклондордун таасиринен улам пайда болуп, шамалдын ири масштабда катуулашына алып келет. Күчтүү шамал абадагы жана какшып жаткан кургак жердеги кум менен топурак, чаңды асманга алып чыгып, жүздөгөн чакырымга чейин алып барат. Анын дагы бир себеби жылдын ысык мезгилинде чөлдөрдөгү атмосфералык басымдын төмөндөшү болуп эсептелет. Абага ысып чыккан чаң, кум көтөрүлөт да, анын ордуна болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен муздак агым келет. Бул жергиликтүү циклондорду пайда кылып, алар кумдуу бороонго айланат.
Жаратылыштын мындай кубулушу көп кайталанган аймактардын жашоочулары андан жандан түңүлө коркуунун кереги жоктугун, болгону акыл-эс менен мамиле кылып, кантип коргонуу жолдорун билип алуунун зарылдыгын айтышат. Адатта мындай кубулуштун алдында болуп көрбөгөндөй жымжырттык өкүм сүрүп, адам вакуумга туш келгендей сезим жаралат. Албетте, айлананын тунжураган мындай абалы кишини кооптондурган сезимге жетелейт. Анткен менен көп өтпөй горизонтто анча чоң эмес чаңдуу масса пайда болуп, бир аздан кийин ал тунарып, андан соң эбегейсиз чоң кара булутка айланат. Жылып келе жаткан гигантты көргөндө дүрбөлөң болбош керек. Башкы эреже - кайсалактап, эмне кыларын билбей калган сезимге алдырбаган өтө маанилүү. Болгону далдоо жер таап, анын өтүп кетишин күтүү керек.
© AFP / Yasser Al-Zayyat

Кувейтке жакындап келе жаткан кумдуу бороон. Сүрөт мындан бир нече күн гана мурда тартылган, тагыраагы, 2022-жыл, 23-май

Кувейтке жакындап келе жаткан кумдуу бороон. Сүрөт мындан бир нече күн гана мурда тартылган, тагыраагы, 2022-жыл, 23-май - Sputnik Кыргызстан
1/11

Кувейтке жакындап келе жаткан кумдуу бороон. Сүрөт мындан бир нече күн гана мурда тартылган, тагыраагы, 2022-жыл, 23-май

© AP Photo

Индиянын батышындагы Биканер калаасын каптаган чаң бороону. 2010-жыл

Индиянын батышындагы Биканер калаасын каптаган чаң бороону. 2010-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/11

Индиянын батышындагы Биканер калаасын каптаган чаң бороону. 2010-жыл

© AP Photo / Musadeq Sadeq

Кубалдагы бир ирмем. 2010-жыл

Кубалдагы бир ирмем. 2010-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/11

Кубалдагы бир ирмем. 2010-жыл

© AP Photo / Arizona Department of Public Safety

АКШнын Аризона штатындагы көрүнүш. Анда автомагистралдагы кыймыл бир нече күн токтогон. 2016-жыл

АКШнын Аризона штатындагы көрүнүш. Анда автомагистралдагы кыймыл бир нече күн токтогон. 2016-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/11

АКШнын Аризона штатындагы көрүнүш. Анда автомагистралдагы кыймыл бир нече күн токтогон. 2016-жыл

© AFP / Mostafa Vosogh/Fars News

Ирандын борбору Тегеранды каптаган кумдуу бороон. Бул кубулуш анда төрт кишинин өмүрүн алып кеткен. Ондогон адамдар жабыркаган

Ирандын борбору Тегеранды каптаган кумдуу бороон. Бул кубулуш анда төрт кишинин өмүрүн алып кеткен. Ондогон адамдар жабыркаган - Sputnik Кыргызстан
5/11

Ирандын борбору Тегеранды каптаган кумдуу бороон. Бул кубулуш анда төрт кишинин өмүрүн алып кеткен. Ондогон адамдар жабыркаган

© AP Photo / Matt York

Адамдын акылын башка бир сезимдерге бурган көрүнүш. Чаңдуу бороон учурундагы чагылган. АКШдагы Аризона штаты, 2011-жылдагы бир ирмем

Адамдын акылын башка бир сезимдерге бурган көрүнүш. Чаңдуу бороон учурундагы чагылган. АКШдагы Аризона штаты, 2011-жылдагы бир ирмем - Sputnik Кыргызстан
6/11

Адамдын акылын башка бир сезимдерге бурган көрүнүш. Чаңдуу бороон учурундагы чагылган. АКШдагы Аризона штаты, 2011-жылдагы бир ирмем

© AFP / Andrey Luz

Ал эми бул былтыркы, 2021-жылдагы көрүнүш. Бразилиянын Фрутал шаарындагы Носса-Сеньора-ду-Карма району

Ал эми бул былтыркы, 2021-жылдагы көрүнүш. Бразилиянын Фрутал шаарындагы Носса-Сеньора-ду-Карма району - Sputnik Кыргызстан
7/11

Ал эми бул былтыркы, 2021-жылдагы көрүнүш. Бразилиянын Фрутал шаарындагы Носса-Сеньора-ду-Карма району

CC BY 2.0 / Oxfam East Africa / Sandstorm in Somaliland

Сомалиленддеги кумдуу бороон

Сомалиленддеги кумдуу бороон - Sputnik Кыргызстан
8/11

Сомалиленддеги кумдуу бороон

© Photo / Public domain/U.S. Marine Corps/M. Garcia

Ирактагы кумдуу бороон. Кум жана чаң бороону мурда болгон жана эми да боло берчү метеорологиялык кооптуу кубулуш. Ал какшыган жерде чаң менен кумду асманга, булуттарга учуруп чыгып, күндүн көзүн тосуп калган учурлар арбын

Ирактагы кумдуу бороон. Кум жана чаң бороону мурда болгон жана эми да боло берчү метеорологиялык кооптуу кубулуш. Ал какшыган жерде чаң менен кумду асманга, булуттарга учуруп чыгып, күндүн көзүн тосуп калган учурлар арбын - Sputnik Кыргызстан
9/11

Ирактагы кумдуу бороон. Кум жана чаң бороону мурда болгон жана эми да боло берчү метеорологиялык кооптуу кубулуш. Ал какшыган жерде чаң менен кумду асманга, булуттарга учуруп чыгып, күндүн көзүн тосуп калган учурлар арбын

CC BY 2.0 / Department of Foreign Affairs and Trade / China

Кытайдагы кезектеги кумдуу бороон

Кытайдагы кезектеги кумдуу бороон - Sputnik Кыргызстан
10/11

Кытайдагы кезектеги кумдуу бороон

© AP Photo / Jad Saab

Кумдуу бороон 2009-жылы Сауд Арабиясында 2009-жылы Эр-Риядды каптаган. Ал аба майдандагы Халид атындагы эл аралык аэропорттун иши үзгүлтүккө учураткан

Кумдуу бороон 2009-жылы Сауд Арабиясында 2009-жылы Эр-Риядды каптаган. Ал аба майдандагы Халид атындагы эл аралык аэропорттун иши үзгүлтүккө учураткан - Sputnik Кыргызстан
11/11

Кумдуу бороон 2009-жылы Сауд Арабиясында 2009-жылы Эр-Риядды каптаган. Ал аба майдандагы Халид атындагы эл аралык аэропорттун иши үзгүлтүккө учураткан

Жаңылыктар түрмөгү
0