Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Муканова: коррупцияны үч жыл ичинде жок кылуу пландалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова
Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Жазылуу
Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова коррупция менен күрөштө эң татаалы элдин аң-сезимин ойготуу экенин белгиледи.
Коррупция менен күрөшүүдө үч жылдын ичинде көрүнүктүү натыйжага жетишип калуу максатталууда. Бул тууралуу Нурипа Муканова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Муканова: коррупцияны үч жыл ичинде жок кылуу пландалууда
Анын айтымында, бул багыттагы иштер 2022-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын долбоорунда аныкталган.
"Коррупцияга каршы стратегия иштелип чыгып сунушталды. Ал кабыл алынса коррупцияны үч жылдын ичинде жок кылуу пландалууда. Бул кыска убакыт болгону менен ушул аралыкта укуктук-ченемдик актыларды жөнгө салып, технологияларды киргизсе болот. Эң татаалы — элдин аң-сезимин ойготуу, бирок коомчулук бул багытта өзгөрүүлөргө даяр болуп калды. Мына ушул жагына өзгөчө басым жасалат. Буга чейин юридикалык тил менен коррупциянын аныктамасы берилчү. Азыркы тапта коррупция башкаруу системасынын көйгөйү катары белгиленүүдө. Бул жагдай жакшырса мамлекеттик органдарга, жарандарга жана бизнеске оң таасирин тийгизет. Мындан тышкары, кайсы тармакта коррупциялык элементтер көп болсо, санарипке өткөрүү зарыл. Ошондой эле социалдык-психологиялык багытына көңүл бурулат. Коррупцияга аралашкандарды аныктап, мамлекеттик кызматтан четтетүү максатталууда. Анан сөзсүз түрдө коррупция менен күрөштө үгүт иштерине маани берилет. Муну люстрациянын жумшак түрү катары сыпаттасак болот", — деди Муканова.
Ошондой эле ал стратегияда коррупция менен күрөшүүдөгү жоопкерчиликтер так бөлүнгөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0