Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Зарылбек уулу: аткезчинин автоунаасын да конфискациялоо сунушталууда

© Sputnik / Асель СыдыковаЮстиция министринин орун басары Адилет Зарылбек уулу
Юстиция министринин орун басары Адилет Зарылбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Жазылуу
Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу аткезчилик үчүн жазаларды күчөтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтты.
Аткезчилик үчүн айыптар көтөрүлүп, автоунаасын конфискациялоо сунушталууда. Бул тууралуу Алмазбек Зарылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Зарылбек уулу: аткезчинин автоунаасын да конфискациялоо сунушталууда
Анын айтымында, мыйзамда экономикалык контрабанда өзүнчө берене менен каралган.
"Баңгизат, курал-жаракты жана башкаларды мыйзамсыз ташуу контрабанда болуп саналат. Мунун ичинен ЕАЭБ аймагына товарлар бажы тартиптерин бузуп киргизилсе же чыгарылса экономикалык контрабанда деп саналат. Ал Кылмыш кодексинин 231-беренеси менен өзүнчө көрсөтүлгөн. Мына ушул экономикалык контрабанда үчүн айып пулду эки-үч эсе көтөрүү сунушталууда. Бул Кылмыш кодексине жана Укук бузуулар кодексине дагы тиешелүү. Мындан тышкары, экономикалык контрабанданын куралы деген түшүнүк киргизилүүдө. Эгерде экономикалык контрабанда фактысы тастыкталса, товар ташылып келе жаткан унаа конфискацияланат. Албетте, мунун баары соттун чечими менен ишке ашырылат. Аракеттеги мыйзамда аткезчи кармалса, өз ыктыяры менен бажы төлөмдөрүн эки эсе төлөсө жоопкерчиликтен бошотулат. Бул аракет сотко чейин жетпей ишке ашат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда муну жокко чыгаруу сунушталууда", — деди Зарылбек уулу.
Ошондой эле ал аткезчилик товарлар дагы конфискация болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0