Баалар өсүп жатат. Кыргызстандагы эң өтүмдүү автоунаалар канчадан сатылууда?

Жазылуу
НовостиTelegram
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автоунаалардын базардагы баасы тууралуу маалымат берет. Бул ирет 2022-жылдын май айына карата популярдуу машиналардын наркы кандай болуп жатканын аныктадык.
Инфографикада базарда көп сатылып жаткан 15 автоунаанын баасы былтыркыга салыштырмалуу кандай өзгөргөнү көрсөтүлгөн. Кыргызстандыктардын арасында жогорку суроо талапка ээ болгон машиналардын тизмесине төмөнкүлөр кирди:
Toyota Camry;
Daewoo Nexia;
Honda Fit;
Honda CR-V;
Mercedes-Benz E-класс;
Daewoo Matiz;
5-сериядагы BMW;
Volkswagen Passat;
Honda Accord;
Honda Odyssey;
Lexus RX;
Hyundai Sonata;
Lada 2107;
Toyota Prius;
Toyota RAV4.
Инфографикада чыккан жылы боюнча популярдуу деген автоунаалардын баасы келтирилди.
Биз autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg сайттарындагы бааларды изилдеп көрдүк (сандар дээрлик бирдей). Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар бир маркадагы автоунаалардын орточо баасы көрсөтүлгөн.
Автокөлүктөрдүн наркы доллар менен жазылган. Биринчи анализ 4-мартта жүргүзүлгөн, анда доллардын курсу 82 сом болчу. Ал эми 27-майда валюта 80,7 сом менен бааланды.
Кыргызстанда автоунаалар доллар менен сатылат, демек, бул валюта курсун сомго которгондо айырма болуп калышы мүмкүн.
Дээрлик бардык унаалар 500дөн 2000 долларга чейин кымбаттады. Бул соодагерлер айткан орточо баа.
Жаңылыктар түрмөгү
0