Жайдын алгачкы күндөрү жаанчыл болобу? Бир жумага аба ырайы

© AFP / YURI KADOBNOVЖаан учурунда кол чатыр менен кыз. Архив
Жаан учурунда кол чатыр менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Жазылуу
Синоптиктердин божомолунда, апта ичинде өлкө аймагында маал-маалы менен жаан жаайт.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29-майда жана 2-июнда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй облусу

29-31-майда кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. 1-июнда күндүз жана 2-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 3-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.

Талас облусу

29-30-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы күтүлөт. 31-майда жана 1-июнда күн ачык болот. 2-июнда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. 3-июнда бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Жип ийрип жаткан апалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Көөнө Сөз
Көөнө сөздөрдү көкүрөккө түйөбүз. Тест

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

29-30-майда кээ бир аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. 31-майда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 1-3-июнда түнкүсүн жаан жаайт.

Ысык-Көл облусу

29-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. 30-31-майда жана 1-июнда түнкүсүн жаанчыл болуп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 1-июнда күндүз жана 2-июнда түнкүсүн күн ачык болот. 2-июнда күндүз жана 3-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт.

Нарын облусу

29-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт. 30-31-майда жана 1-июнда бийик тоолуу райондордо кар түшүшү ыктымал. 2-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0