Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Евразия экономикалык форуму
Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө. Ага 15 өлкөдөн 2,5 миңге чукул киши келди. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтүп, өнөр жай, электрондук соода, энергетика, транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча 6 панелдик талкуу болот. Форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.

"Росатом" өкүлү: Кыргызстанда АЭС куруу өнөр жайдын озуп чыгышына шарт түзөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАтомдук электр станциясы. Архив
Атомдук электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Жазылуу
Нуралин "Росатом" ЕАЭБ мамлекеттери менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгилеген.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу өлкөнүн өнөр жайынын озуп чыгышына шарт түзөт. Бул туурасында "Росатом Борбор Азия" ишканасынын директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары Руслан Нуралин билдирди.
Ал бүгүн Евразия экономикалык форумунун "Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары" сессиясына катышты.
"Росатом" — дүйнөдө чакан кубаттуулуктагы АЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар жалгыз компания. Биз союздаштарга мындай долбоорлорду ишке ашырууга жардамыбызды сунуштайбыз. Январда Кыргызстандын энергетика министрлиги менен меморандумга кол койдук. Бул Кыргызстандын өнөр жайын алдыга озуп чыгышына мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай масштабдагы долбоор ар дайым энергетиканы эле эмес, бүт тармакты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди Нуралин.
Ошондой эле ал кызматташтыктын негизги үлүгүсү катары Буларусь атомдук станциясы тууралуу айтып берди. Долбоордун ишке ашышы өлкөнүн өнөр жай потенциалын гана жогорулатпастан, климаттык көйгөйлөрдөн дагы арылтканын белгиледи.
"Беларустун Энергетика министрлиги билдиргендей, атомдук станциянын бир блогунда 15 айда иштелип чыккан электр энергиясы 2 миллиард куб жаратылыш газынын ордун толтурду. АЭСтин ишке кириши Беларустун инвестициялык активдүүлүгүн күчөтүп, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздады. АЭСтин өзүндө 1000, тейлөө жана колдоо тармагында 10 миң адис даярдалып, жумушчу орун түзүлдү", — деди Нуралин.
Мындан сырткары, адис АЭС улуттук энергетикалык балансты диверсификациялоону жана энергосистеманын туруктуулугун камсыздай турганын билдирди. Аны менен катар парник газынын чыгышын азайтат.
Нуралин "Росатом" корпорациясы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен кызматташууга өзгөчө маани берерин кошумчалады.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Күн жана шамал энергиялары ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Радио
Кырбашева: күн жана шамал энергетикасы ЕАЭБдин алкагында изилдениши керек
Жаңылыктар түрмөгү
0