Кырбашева: күн жана шамал энергетикасы ЕАЭБдин алкагында изилдениши керек
© Sputnik / Жоомарт УраимовКүн жана шамал энергиялары ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева
Жазылуу
Күн жана шамал энергиялары ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева энергетика тармагында окуп жаткан 5-6 студент күн жана шамал энергиясын тейлөө жаатында Түркия, Москвада окутуларын айтты.
Кыргызстан эл аралык электр энергиясын өндүргөн мамлекет болушу үчүн чоң ГЭСтерди салышы керек. Кичи ГЭСтер ошол аймактагы гана керектөөнү жаба алат. Бул жаатта инвесторлордун сунушу бар, ошондой эле Кыргызстандын ГЭС салууга өзүнүн деле күчү жетет. Бирок өзүн-өзү актап, экономикалык пайда алып келиши үчүн тариф саясатын тактап алуу зарыл. Учурда баары кымбаттап жатат, жалгыз электр энергиясынын баасы көтөрүлбөй келет. Эл түшүнүү менен кабыл алып колдоп берсе, жылына бааны 20 пайызга көтөрүү керек. Буга өлкө экономикалык жактан мажбур экенин Кундус Кырбашева Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде билдирди.
Кырбашева: күн жана шамал энергетикасы ЕАЭБдин алкагында изилдениши керек
Анын айтымында, союз учурунда жана кийин деле күн менен шамал энергиясын өндүрүү жаатында изилдөөлөр болгон эмес.
"Бүгүнкү форумда биз ЕАЭБдин беш өлкөсү менен экономикалык карым-катнашты чыңдоону көздөп жатабыз. Себеби жаңы өнүгүп жаткан жашыл энергия, таза энергия бардык кошуна мамлекеттерде бар. Бизге салыштырмалуу алардын логистикасы оңой. Андыктан техникалык жабдууларды Кыргызстанга арзан, чыгым алып келбегидей кылып алып келүү жаатында тажрыйба алмашсак биз үчүн пайдалуу болот. Былтыр декабрь айында Москвада Евразиялык экономикалык конгрессте мурда Росатомдун алкагында иштеген "НоваВинд" компаниясы менен иштешүү багытында өз ара меморандумга кол коюп, жашыл жана таза энергиянын тариф саясаты тууралуу сүйлөшкөнбүз. ЕАЭБдин алкагында Евразия өнүктүрүү банкынан жашыл жана таза энергетика өндүргөн компаниялар жеңилдетилген, пайызы азыраак насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок беш өлкөнүн ортосунда гана өндүрүлгөн продукция болушу керек. Өзүңүздөр билгендей эле күн, шамал энергетикасынын басымдуу бөлүгү негизинен Кытай, Европада өндүрүлүп, Түркияда чогултулат. Ошондуктан бул жаатта да жеңилдетилген каражат алуу боюнча банк консультация берүүдө. Кыргызстандын гидропотенциалы жогору экени СССР мезгилинен бери айтылып келет. Бирок союз учурунда жана кийин деле күн менен шамал энергиясын алуу жаатында изилдөөлөр болгон эмес. ЕАЭБдин алкагында энергетика ассоциациялары биригип, чогуу иштешүү жаатында меморандумга кол коюп, изилдөө иштерин жүргүзүүгө өлкө кызыкдар. Кыргызстанда жабдуу, адистер жокко эсе. Менин оюмча, гидропотенциалды изилдөөгө Арменияны тартып, күн, шамал энергиясын изилдөө жаатында Россия менен иштеше алабыз. Буга чейинки конгрессте бул багытта макулдашуулар болгон. Бирок Украинадагы абалдан улам долбоорлор тоңдурулду. Азыр Кыргызстанда биринчи жолу күн жана шамал энергиясын өндүрүүчү станция куруу жаатында 300 гектар жерди трансформация кылдык. Бул долбоор 2017-жылы башталган. Бирок акыркы эки жылда көп жумуштар аткарылды. Эл түшүнүү мен кабыл алабы же албайбы, биз тобокелге барып өз ишибизди жасадык. Мамлекеттин колдоосу абдан жакшы, жабдыктарды алып келүүдө кошумча нарк салыгы алып салынды. Тилекке каршы, адис, техниканын аздыгы негизги маселе болууда. Жабдыкты Казакстандан ижарага алып, чет мамлекеттен адистерди чакыруудабыз. Андыктан энергетика тармагында окуп жаткан 5-6 студентти күн жана шамал энергиясын тейлөө жаатында Түркия, Москвада окутуу боюнча милдеттенме алдык", — деди Кырбашева.
Ал учурда гидроэнергия жана күн, шамалдан алган бир киловатт энергиянын баасы бирдей экенин кошумчалады.