Шашылыш билдирүү. ӨКМ бир саат аралыгында катуу шамал болорун эскертти

© Sputnik / Макс Ветров / Медиабанкка өтүүШамал. Архивдик сүрөт
Шамал. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
Мындай учурда шаардык кызматтар айдоочуларды автоунааларын бак-дарактын түбүнө токтотпоо керектигин эскертип келет.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаары менен Чүйдө ылдамдыгы 20-25 метрге жеткен катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ Кыргызгидрометке таянып кабарлады.

"Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен катуу шамал күтүлөт", — деп айтылган маалыматта.

Мындай учурда адатта мэрия айдоочуларды автоунааларын бак-дарактын түбүнө токтотпоо керектигин эскертип келет.
Нарындагы катуу шамалдын кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Нарын: шамал шаардын бир бөлүгүн жарыксыз калтырып, имарат чатырларын учурду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0