Эркектин үч, кыздын беш журту болот. Этнограф менен кызыктуу маек

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген жаштар. Архив
Улуттук кийим кийген жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Жазылуу
Кыргыздар тээ алмустактан бери эле аялзатын сыйлап, кыз баланы өзгөчө аздектеген.
Аялды эч качан төмөн санап, басынткан эмес. Ошондой эле кыз кишини жаш курагына карап аялдын турмуштагы ордун, ал тургай басып өткөн жолун көрсөтүп атаган. Sputnik Кыргызстан агенттигинде этнограф, тарыхчы Октябрь Капалбаев кыргызда кыздардын, аялзатынын орду тууралуу кеп салды.
© Sputnik / Асель СыдковаОктябрь Капалбаев: аялзатынын, кыздын, баланын, карыянын, жигиттин наркы болот. Нарк — бул салттан да бийик турат. Өз ордун, кыз экенин билбеген кыздарды "нарксыз кыз турбайбы" деп койгон.
Этнограф, кандидат исторических наук Октябрь Капалбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Октябрь Капалбаев: аялзатынын, кыздын, баланын, карыянын, жигиттин наркы болот. Нарк — бул салттан да бийик турат. Өз ордун, кыз экенин билбеген кыздарды "нарксыз кыз турбайбы" деп койгон.
— Азыр демократия, ар бир адам өз оюн айтат, эркиндик деп жатабыз. Кыздардын мисалында алсак, ар ким көңүлүндөгүдөй өмүр сүрүүгө укугу бар. Нукура кыргыздын кылымдардан келе жаткан жашоосунда, жазылбаган мыйзамдарында кыз баланын орду кандай болгон?
— Бүгүн ааламдашуу айдыңында көпчүлүгүбүз түшүнүп-түшүнбөй, түрдүү кызыкчылыктардын кагылышы менен өз баалуулуктарыбыздын баарын жоготуп, сырттан келген баалуулуктарга баш-отубуз менен кирип кетип жатканыбыз өкүндүрбөй койбойт. Ошол опурталдуу маселелердин башында үй-бүлө турат. Биз азыр "тарбияны бала бакчадан, мектептен баштоо керек" деп эле бери жагын алып жатабыз. Көздү дарылоодо чылпагын тазалабай, көздүн ичин дарылоо керек. Азыр ата-энелер баласына тийиштүү деңгээлде көңүл бурбай жатканы чын.
Кытай жазма эстеликтеринде биздин заманга чейинки Х кылымда эле кыргыздардын болгондугу айтылып жатат. Демек, кыргыздар баатырдык доордо жашаган. Андан кийин гунндардын, сактардын, усундардын мезгилинде, байыркы грек тарых булактарында да биздин энелерибиз тууралуу сөз болгон. Мисалы, Тумар энебиз (Томирис), Спаретра, Зарина энелерибиз эл башкарган да. Баатырдык доордо кол башчы, жол башчылардын акыл-парасаты, жөндөмү, деңгээли каралып, ушул сапаттары менен тандалган. Бектин баласы бек, бийдин баласы бий болот деген принциптен алыс жашашкан. Бүгүн эпосторубуз, жомокторубуз да жөн жерден чыга калган жок. "Манас" эпосун эле ала турган болсок, Чыйырды, Каныкей, Акеркеч, Арууке энелерибиз үлгү. Бир чети Манасты Манас кылган Каныкей болгон. Анын олуялыгы, бүйрөлүгү, көрөгөчтүгү, камбылдыгы болбосо Чоң Казатта жеңет беле, белгисиз. Ошондо Алмамбет "Чоң Казатка даярданып жатасың, Каныкейдин сөзүн ук" деп айтып жатпайбы. Анан Каныкей чарайнасынан зоотуна чейин, ич кийим, тыш кийимдеринин баарын, кандагай шымдын түрүн тигип берип даярдайт.
"Кыргызда кыздын аты улук,
Кыргызда кыздын заты улук,
Кызыгын көрбөйт дүйнөнүн,
Кыз сыйлабас макулук", — деген төрт сап ырда кандай маани жатат. Кыргыз кызга кайрылганда да, жаш курагы боюнча бөлгөндө да өтө мааниси шайкеш келген сөздөрдү тапканына таң калбай койбойсуң. Биз аларды көп колдонбой калдык. Муну Кытайдагы Какшаал кыргыздары бүгүнкү күнгө чейин айтып жүрөт. Биз "кийимин тепсебегиле, өйдө отурсун" деп эркек баланы эле кадырлай беребиз. Анткени коргоочу катары көрөбүз. Той-топурга барганда деле "эр жигиттин үч журту бар. Мына ата журтуң, тага журтуң, эми кайын журттуу болдуң, ушунуң бекем болсун" деп баса-баса айтабыз. Ошол эле учурда кыргыздарда кыздын да журтун айтышкан.
Жайлоодо күнгө жылынып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Ак таңдын тилеги жакшы, илеби кандай? Адамзат жан сактоо үчүн жарышка түшкөнбү
— Кыздын журтун өзүнчө бөлүп айтышканбы?
— Кыргызда кыздын беш журту болот. Ошол себептен беш көкүл, беш саамай дешип, чачынын оң тарабын бешке, сол тарабын бешке бөлүп өргөн. Бул өрүм — бекемдиктин, бышыктыктын, биримдиктин белгиси. Жеңесиби, эжесиби же апасыбы, өрүп жатканда "айланайын кызым, беш журтуң бекем болсун" деген тилек айткан.
Ал беш журттун эң биринчиси эле төркүнү. Эркектики ата журт болсо, кыздыкы төркүн деп айтылат.
Экинчиси — тага журту. Тага, таяке деген бул тоодой болгон таянар агалары деген мааниден чыккан. Анан да кийин таяке, демек, тайына турган, сыйына турган адамдарыңар болот деген түшүнүктү да берген. Тайынып, сыйынат десе эле кудай катары сыйынуу эмес, сыйлап, апаң тарап болгондон кийин дайым урмат-сый көрсөтө турган адамдарың.
Үчүнчүсү — кайын журту. Кайын журт — кыздын барган жери да. Кыргызда тектүү жерге барса экен деп бекер айтпайт. Санжырада кыз киши кайын журтун өзү тандаган учур да аз эмес. Айчүрөк апабыз деле көп жигиттен, баатырлардын ичинен карап жүрүп, Семетейди көрүп "акыреттик жарым ушул экен" деп чечим чыгарып, "мунун келе турган ою жок" деп ак шумкарын уурдап кеткен. Эми араң ХХI кылымда гендердик саясатты айтып жатышпайбы, баатырдык доордо эле биздин кыздарыбыз ушундай болгон.
Төртүнчүсү — жака журт. Кызды кыргыз жакадагы кундузга теңейт. Буга алыш-бериш кылышкан, жакшы мамилелеш кошуна-колоң, эже-сиңдилери кирет. Себеби жакын, анын үстүнө үйдө алыш-бериш, катышты көбүнчө аял киши кылат эмеспи.
Ал эми бешинчиси — эли-журту. Кыз жалпы элдин энчисинде. Ал бир уурунун же ата-энесинин эле энчиси эмес. Элдин башына каран күн түшкөндө кыз данакер болгон. Кыз эки элдин бириктирүүчүсү болуп, тагдырына моюн сунуп кеткен учурлары аябай көп. Кечээкини эле айтсак, Тезек төрөгө кеткен Төрөтай эжебиздин тагдыры, "элдин эркесине алып бербесек болбойт" деп туруп жаңы баш кошкон күйөөсүнөн ажыратып Жеңижок акынга башы байланган Көксулуу. Кыргызда чечилбеген маселелерди чечүүдө кыздын ролу чоң болгон. Анан да "аял бузулса коом бузулат, эркек бузулса үй-бүлө бузулат" деп жатат. Кыргыздар аялзатынын ордун алмустактан эле билген.
Ошондой эле азыр келегей сөздөр көбөйдү, көбү этимологиясын билбей эле колдоно беришет. Мисалы, эки-үч баланын атасы болуп калгандар деле жубайын "колуктум" деп айта беришет. "Колукту" деп колун сурап жүргөн кезди айтат. Бирине-бири секетпай ырын ырдашып, арзышкан убакта "колуктум" деп айтса туура болот. Себеби колун сурап жатат. Сөз деле тирүү зат, анын деле тагдыры, жашоосу болот. Жаш эле жигиттер өзүнүн келинчегин "кемпирим" деп эркелетип жатпайбы. Ушул "кемпир" деген сөздүн этимологиясына келе турган болсок "пири кем" дегенди билдирет. Башкача айтканда, коргоочусу, колдоочусу, түгөйү каза болуп калган аял. Демек, мындайча айтканда, бул жесир аялдарга карата айтылып келген. Ошол себептен жаңы келген келинге да башы бүтүн, очор-бачар аялдар жоолук салган.
— Кыргызда кыз баланын жаш курагына жараша да кайрылышкан эмеспи?
— Секелек кыз деп кыз баланын секирип ойноп жүргөн 9 жашка чейинки мезгили айтылат. Шариятта да кыздардын балакатка жеткен маалы 9 жаш делет. Андан кийин жеткинчек, өспүрүм болот да. Өспүрүм кызды бийкеч деп атайт. Бийкеч дегени эч нерсе менен иши жок, турмуштун түйшүгүн билбей бийлеп турган кези. Буга 12-16 жаштагы кыздар карет. Андан кийин бойго жеткен кызды "селки" дейт.
Азыр кайсы бир жыйындарда батышты туурап "айымдар жана мырзалар" деп кайрылып жүрүшөт. Муну мен туура эмес көрөм. Себеби "айым" деп элечек кийип калган кезди айтат. Ал жыйында турмуш көрбөгөн кыздар же жаш жигиттер отурушу мүмкүн. Айым — бул макам дагы. Ак сөөктөрдүн тукумуна кирген аялзатын тергеп атаган. Мырза — деле ушундай макам, даража. Мырза киши ар кайсыны айтып дөөрүбөй, салабаттуу болушу керек.
Кыргыз таануучу Мелис Мураталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Пресс-борбор
Мелис Мураталиев: ысырапкорлукту тыябыз десек, элдин аң-сезимин өстүрүү керек
— Аялдарды "мырза мүнөз", "төрө пейил" деп да сүрөттөп калышат...
— Ооба, аялзатына мактоо иретинде айтылып жатат. Ач экенин же ток экенин билгизбей сыр алдырбаган аялдар болот. Мына ушундай айымдарды айткан. Манап деген сөз да тамакка көп үзүлүп түшпөгөндүктөн келип чыккан. Кыргыз эки нерсеге, устуканга жана дасторкондо туура эмес отуруп калганына таарынган. Мындан чатак да чыгып кеткен учурлар болгон. "Эрдик кылып кой сойду, иттик кылып төш тартты" деген сөз ушундан. Муну менен басынтып да коюшкан. Бул эми үй ээсинин сый көрбөгөндүгүнөн кабар берет. Ошол үчүн "кан бийлигинен нарк күчтүү" деп бекер айтпайт да.
— Нарк деген сөзгө түшүндүрмө берип кетсеңиз?
— Аялзатынын, кыздын, баланын, карыянын, жигиттин наркы болот. Нарк — бул салттан да бийик турат. Өз ордун, кыз экенин билбеген кыздарды "нарксыз кыз турбайбы" деп койгон. Наркка жүрүм-турум да кошулат. Кыздын, келиндин наркы үчүн согуш да чыккан. Илгери манаптарды кордогондо аялынын чачын кырккан. Чачтын кыркылганы "кут кетти, наркың кетти, эми сени киши катары көрбөйбүз" деген белги болгон. Кыз наркында чачтын орду маанилүү, ал анын ыйыктыгын билдирет. Куйручук олуя "энени — ыйык, атаны — улук дейт" деп бекеринен айткан эмес. Ата журт, мекен, жер-суубузга ээлик кылуучу элибиздин санын көбөйткөн да энелер да. Ошол себептен өз изилдөөлөрүмдө аялдан чыккан олуяларды көп айтып жүрөм. Бүгүнкү күндө илим түшүндүрө албаган нерселерди да айтып кеткендер болгон. Кетмен-Төбөдөгү Саргамыш айылынан Коён деген энебиз чыккан. Биз бүгүн жети акени айтып, эркектен чыккан олуялар менен чектелип жатабыз. Аялдарга келгенде тыйылып калбай айтышыбыз керек. Коён энебиз 7 урпагынын келечегин да айтып койгон.
© Sputnik / Асель СыдковаОктябрь Капалбаев: секелек кыз деп кыз баланын секирип ойноп жүргөн 9 жашка чейинки мезгили айтылат. Андан кийин жеткинчек, өспүрүм болот да. Өспүрүм кызды бийкеч деп атайт.
Этнограф, кандидат исторических наук Октябрь Капалбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Октябрь Капалбаев: секелек кыз деп кыз баланын секирип ойноп жүргөн 9 жашка чейинки мезгили айтылат. Андан кийин жеткинчек, өспүрүм болот да. Өспүрүм кызды бийкеч деп атайт.
— Ошондой эле аялды да түргө бөлүп караган эмеспи?
— Куйручук атабыз аялды 12ге бөлгөндө, анын бирин "алтын согончок, жез шыргай" деп атаган. Кызартып кызды, агартып уулду төрөгөн алтын согончок аялдын жез шыргай болуп түндүктү, күйөөсүн көтөрүп турганын айткан. Чынында жашоодо эркек аялсыз, аял эркексиз эч нерсе кыла албайт. Ата "от" деген сөздөн келген. Касиети ошондой. От сууга жакындаса аны какшытып коёт. Аялзатынын касиети суу. Ошол эле отко суу куюп салсаң жалп этип өчөт. Демек, экөө табияттын эки башкача күчү болуп саналат. Экөө тирешпей бириккенде гана гармония жаралат.
— "Кызга кырк үйдөн тыюу" деп коёт. Ошондо кызды сырткаркы киши деле тыя бергени туурабы?
— Ата-бабаларыбыз кыздын чачын кыркка бөлүп өрүп жатканда да ар бир өрүмүндө тыюуларды айтып турган. Тыюу — бул эреже. “Кызга кырк үйдөн тыюу” , “керегем, сага айтам, келиним, сен ук. Уугум, сага айтам, уулум, сен ук” дейт. Макалдар түз жана кыйыр түрүндө айтылат. Тыюу кызга эле эмес, аксакалга, баатырга, даанышманга да тийиштүү. Эркекке баарын кылууга болот деген түшүнүк жок. Ошол учурда кыздар бейчеки баспайт, чачын жайбайт деген маселелер болгон. Азыр андан да көп тыйчу жагдайлар бар. Учурда тыюуну токтотуп, адам укугу деп койдук эле коом кайда бара жатат? Жоопкерчилик, милдет каякта калды? Ошонун ичинде кыздын да коом алдында милдети бар. Кыздарыбыз бар үчүн уучубуз уланып келе жатат. Кечээки кыз — бүгүнкү эне. Тыюу десе эле безге сайгандай чочубаш керек, ал улуу-кичүүнүн баарына колдонулат. Баатыр же улуу болсоң эле оозуңа келгенди сүйлөп, оюңа келгенди жасай берүүгө болот деген түшүнүк жок. Сөздү жөндөп айта албаган өзүнө шек келтирет дейт. Бүгүн канчасы оозунан чыккан сөзү үчүн шылдыңга айланып жатат. Бул макал кыйыр маанисинде айтылып, кыз ошону мээсине түйүп, өз наркын сактаган. Ал кезде мектеп, жогорку окуу жайлар болгон эмес. Азыр ошонун баары биригип коомго укмуш сонун нарктуу кыздарды тарбиялап жатабыз деп айта алабызбы? Биз бүгүн адис даярдап жатканыбыз менен адам тарбиялай албай жатабыз. Маселенин баары ушунда жатат.
Ал эми кыздарды даярдаган мектеби негизинен жеңелер болгон. Жеңелер тарбиялап өстүрүп, улууларга мамиле жасоодон бери үйрөткөн. Ошондой эле кызды кыргыз жакшы көргөнүнөн, көз тийбесин деп саксактаганынан улам үкү топу кийгизип, билерик, шуру, шакек таккан. Кызды жаман сөз, жаман көздөн коргоо үчүн тыюулар салынган. Ал кыз кишини улуктаткан. Кыздан керек болсо түмөн жоону жеңген баатыр сүрдөгөн. Нечен жоону сайган эр жигит үлбүрөп учуп кетейин деген кыздын алдында сөз таба албай калган. Кыздагы нарк аны туңгуюкка кептеп койгон. Кыздын сүрү анын наркында. Ал ошол журүм-турум эрежелерин карманып, сырын сактаган. Азыр оозубузду ачканда эле сырыбыз билинип калып жатпайбы.
Физика, математика мугалими жана кыргыздын баалуулуктарын алып жүрүүчү, салттуу кийимдерин жайылтуучу Чынаркүл Сокеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Радио
Сокеева: кыргызда элечектен кайсы уруунун келини экенин билишчү
— Биз негизи "катын" деп кайрылганда таарынабыз. Дегеле катын, аял деген эмнени түшүндүрөт?
— Аял деген сөз араб тилинен алганда "рахат тартуулоочу" деген мааниде экен. Аялдай тур, аялдоо, аялдама деген сөздөр бар го бизде, маанисинде токтой туруу, кыска убакытка тура туруу дегенди билдирет. Азыр эми "аял" эмес "катын" деп айткыла деп үндөөдөн алысмын. Анткени аял деген жумшак айтылып, кулакка сүйкүмдүү угулат экен. Советтер Союзунун кириши менен "катын" термини эскинин калдыгындай лексиконубуздан чыгып калган. Анткени чындыгында айтылышы копол, угулушу одоно. Бирок түпкү маанисинде жакшы сөз. Ошондой эле "эже" деген "эпчи" дегендин эле бузулуп айтылышы. Кыргызда катындын дагы бир аты эпчи болгон. Алтайлык кыргыздар бүгүнкү күндө деле аял эмес, эпчи дешет. "Апче", "абже" деген термин да ушул эле "эпчи" дегенди, азыркы тилде айтканда, "аял" дегенди туюнтат. Мисалы, ошол эле "кемеге", "очок", "коломто" үчөө үч башка буюм. Кемеге — жерди оюп жасалганы, очок — жер үстүндөгүсү, ал эми коломто — боз үйдүн ичине курулганы. Бирок астана, улага, босого, иреге төртөө бир эле маанини берет. Астана асты, иреге, киреге же болбосо кире турган жер дегенди, босого басар жериң, улага, андан ары үй уланып кетет дегенди түшүндүрөт. Кыргыз тилинин уникалдуулугу ушунда, ар бир сөздүн түпкү маанисин билүүдө анын уңгусун кыймыл этишине айландырып көрсөң, тереңинен түшүндүрмөсү чыга келет.
"Катын" деген сөздү абдан изилдеп, ислам дини менен байланыштуу го деп ойлочумун. Бирок "катын" деген сөз санскрит тилинен которгондо "суу" деген маанини берет. Обо эне, Ева же болбосо апа — бул деле ошол "аба" дегенди түшүндүрөт. Хатун деген дарыя бар. Себеби эненин өзөгү суудан турат.
Ал эми жаш кезинде жесир калып, кайра турмуш курган аялды кыргызда "келинчек" (чектелген келин деген мааниде) деп аташкан. Бул тууралуу Юдахиндин сөздүгүнө да кирген.
Ошондой эле үй-бүлө деген да "үйүү", "жыюу", "чогултуу" деген менен "бүлө" бул бычакты бүлөгөндөй эле "кам көрүү" дегенди туюнтуп, жыйынтыгында тапканын ташып үйүп, жыя турган, анда жашагандарга кам көрө турган жай дегенди түшүндүрөт.
Аксакал небереси менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Чал да, мастан да — карыя, баарынын өз орду бар. Кыргыз таануучунун түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0