Ак таңдын тилеги жакшы, илеби кандай? Адамзат жан сактоо үчүн жарышка түшкөнбү

© Фото / Zahariz KhuzaimahЖайлоодо күнгө жылынып жаткан адам. Архив
Жайлоодо күнгө жылынып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жазылуу
Колумнист Шаакан Токтогул Чыгыштан канат жайып төгөрөктүн төрт бурчуна түгөл орногон Таң бейнесин санаттап, азыраак кеп салды.

Тизгин жаяр

А дегиче таң атып, ай-буйга келбей күн батып, замандын соккон жели бат, калдастатып алып учуп баратабы не...
Күлчачарың кокустан этегиңден кармап Күн кайсы жактан чыгат десе башты тырмап ойлоно түшөрбүз...
Күндү күлүп тоспогон, күнгө багып кубат албаган жаныбыз агарып аткан таңын деле, кызарып чыккан күнүн деле карабай, керемет ааламга арбалбай калганыбызга көп болгон. Кишизаты аманат жанын кор кылып бийлик үчүн, көр дүнүйө үчүн, жан сактоо үчүн жарышка түшкөнбү не...
Андай болбосо, ат тизгинин бура тургула, агарып аткан таңдын ажайып санатынан кеп салайын, уга тургула!

Таң таржымалы

Түн жарымынан ооп, күн муруту чачыраганга чейинки 3-4 сааттык аралык таң деп аталып, болжол менен 3.30дан 4.00гө чейин "таң каракчысы" делет. Коюу түн карактап кетчүдөй болуп, анүстүнө суук, кооптуу учур болгондуктан болуу керек. 4.00дөн 4.30 чейинки аралык "таң дүмпөйүү" делет. Дүмпөйүү көзгө илешип көтөрүлүп калуу, демек, таң атайын деп калган мезгил. 4.30дан 5.00гө чейинки аралык "таң куланөөк" учуру. Таңдын кулануусу, кылайуусу. 5.00 — таңдын атышы.
Күндөн түнгө алмашканда чарчаган, чаалыккан табият тыныгып, эс алып, түндөн күнгө жалгашканда өмүр жолун улайт, таң менен кошо башын көтөрүп, жаңы күндү утурлай демин жаңылайт, оюн буруп, боюн түзөйт.
Адам баштап баарысы, курт-кумурска, аарысы ойгонот, табияттын арышы ташталат, жашоо шаңы жар салат, жаңы күнүбүз башталат.
Традиционные спортивные встречи в Казахском автономном округе Баркол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Көч — бул фешн, көч — бул коммуникация. Жашоо кумарын арттырган улуу сапар

Таң сыры

Кыргыз эли жаманчылык болгондо, сыркоологондо "кара түн менен кетсин" деп жүктү, терс нерселерди кара түн жутуп, сиңирип аларына ишенди. Таң шооласы менен кошо аруулук ойгонуп, актык агымы башталарына ынанды. "Коюу түн каралыкты жашырат, аппак таң тазалыкты ашырат" деп кийинки урпактарга үйрөттү.
Ошондуктан карага орток болбой, бирок кабыл ала билип, акка шерик болууга аракет жасады.
Ашыгып таңды тосуп, арзуусун ак тилекке уютуп ааламга учурду.
Таңдын тилеги жакшы дешип, теңдей турган, эмдей турган ырым-жырымын таңында жасашты.
Айрыкча ырымга жасалган азыктардын камылгасын эрте таңдан башташты.
Руханий аракет менен катар тирилик, оокатты ала жүргөн кыргыз "эрте жаткандын бир түшү артык, эрте тургандын бир иши артык" деп күндүн камын таң кылайганга чейин эле баштап, таңда тургандын ырыскысы мол болоруна, өз ырыскысына ээ болоруна ишенди. Ошондуктан уул-кызын "таңкы ырыскыңдан кур калба, эрте тур" деп үйрөттү.
Салттуу кыргыз коомунда таңга мамиле өзгөчө болгон. Жарыкчылык жашоого үндөп, ак таң келечекке үмүт берген. Эзелки эл, эски эл не деген гана заман көрбөдү. Оомал-төкмөл дүйнөдөн оомат тапты, ооматы оогон кезде көрүнгөнгө кор болду. Жакшылык болсо дардалаңдап кетпеген, жамандык болсо санаа тартып чөкпөгөн калбаат, сабырдуу сапат күттү. Кыргыз деген элдин канында "Айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык болорунун" далили калыптанды, жаркыраган жакшылык артында жамандык бугуп жатарын билип-туюп, ошондонбу, отуз күн оюн куруп, тамашага батып, каткырып отурса да "Жараткан кут кылсын, күлкүгө жеткирсин" деп тобо келтирген каниеттин каадасы сакталып келди. Ар дайым кылычтын мизинде, найзанын учунда болуп көнгөн эл "жан кулактын учунда" деп айланага кулак түрдү. Суунун шылдырын, чөптүн шуудурун, куштун учканын, Ай-Күндүн чыкканын карап, аңдап, эртеңкисин туюнуп, жамандыгына арга издеп, жакшылыгын күтүндү. Бүгүн таңдын атышы башка, бир айгай болбогой эле деп божомолдоп көндү. Ошондон улам эсирип уктап жатпай, эрте туруп даң салган, айланага жан салган, адеп аткан ак таңдан баштап, табиятка, көк асманга Жер энеге абай салып, болор күндү, болор ишти болжолдоп, бой түзөп үйрөндү. Арам ойду жуутпай асылдыкка ой түзөп келди.
Күндүн чыгышынан, желдин согушунан өөн тапчу болсо ыкчамдап, тынчтык тилеп, жоругун жасап, алдын алды. Таңында туруп, ой-боюн аруулап, азыгын камдап, даамдап, күндө жасаган ишин улантып, чеберлигин арттырып, билгилиги кай тармакта болсо ошого кунт коюу менен өзүн таанып, өзөгүнө үңүлүп, ой токтотуп, бой токтотуп, улуулукка умтулду.
Албууттанган жамандыгы кара түнгө сиңип кеткен, алчыланган ак таңдын атышына үмүт артты, жакшыны тиледи. Жакшыны күттү! Анын аруулук демин, актык күчүн боюна сиңирди.
Таңында башталган иш жемиштүү болгондой эле таңында тилеген тилек аткарылат деп ишенип келди.
Таң тазалыгындай кишинин күч-кубаты да уюп, тунуп турган кез дешип, жүрөк көтөрүү, суу менен учуктоо, башты теңдөө сымак эмчи-домчулук аракеттерин ал таңда жасашты.
Ооруп жаткан кишини ак таң менен кошо кирип, ак тилек менен сурап, өмүрүн узартты. Узак жашап, дүнүйөдөн тойгон, акты кабыл алып, өйдөлөп калган улуулар менен да түштөн кийин учурашып жашын кыскартпай, таң эрте учурашып таң илебин чачалы, таңда бата алалы дешти.
Таңда баштаган жол арбыйт деп, алыс сапарга таң кылайганда жол тартышты.
Празднование Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2020
Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

Таң тосуу

Эл башына иш түшкөндө, апаат болгондо, кырсык тооруганда эл чогулуп түлөө берип, түнү менен элге, жерге, бүт дүйнөгө амандыгын тилеп, көз ирмебей таңды тосушту. Таң атканда эл-журт тегиз жыйылып, ак бата тартып, жамандыкты оолактатышты.
Улустун улуу күнү Нооруз майрамын жыл ажыратуу же улуу күн катары белгилеп, Нооруздун таңынан жакшылык күтүп, тынчтыгын тилеп, таң тосушту.
Бирине бири жете албаган арзышкандар да бала кезден акылга уюган таңдын кереметине ишенип, бир болууга антташып, таң тосуп тилек кылышты.
Наристеге зарыккандар ак тилегин тилеп таң тосушту, таңга үмүт артты, көз жашы жууган көйгөйгө ак таңдан арга издешти.

Тизгин жыяр

Ошентип миңдеген доорду карытып, аң-сезимде уюган элдик акыл-санаттарын термелесек, таңкы тилек жарык чачат, таңкы бата жолуңду ачат. Таңкы азыгың — күч-кубатың. Таңкы дене тарбияң — дене боюңдун ыкчамдыгы, саламаттыгы. Таңкы аракетиң — тапкан берекең.
Ал эмес азыр абдан актуалдуу болуп жаткан кванттык окуулар, мурунку диний окуулар, байыркы суфизм, веда илимдери, ааламдык өсүүгө тепкич болгон окуулардын дээрлик баарында таңкы ой-бойдун аруулугу жандын арууланышына таасир этерин, таңкы тунуу, медитация бир күнгө жете турган күч-кубат берерин, таңдагы жакшы ой бир күн бою жакшылыкты шарттай турганын жар салып келет.
Жылдыз суюлуп батышы, таң агарып атышы адам баласы жадында сактап калар бир керемет кубулуш эмеспи. Карадан акка жалгашкандагы түстөрдүн айкашуусу эч кайсы сүрөтчү так тартып бере албаган көрүнүш чыгар.
Чыңалуудан бошонуп, кериле жатып уктап, кеменгер таңдан кезигели, таң ырыскысын утурлап, аруулугуна тунуп, актыгынан кубат алалы, замандаш!
Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2019
Табияттын мыйзамы бузулса, табият менен жазалайт. Кайберендин каргышына калба
Жаңылыктар түрмөгү
0