Чал да, мастан да — карыя, баарынын өз орду бар. Кыргыз таануучунун түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековАксакал небереси менен. Архивдик сүрөт
Аксакал небереси менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Кыргыз ар бир куракты адамдын деңгээлине жараша анын жашоодогу статусун көргөзүп атаган. Чал, абышка, аксакал деп жашы улгайган карыя болгон үчүн эле айтылган эмес. Үч аталыш үч башка адамга таандык. Аялзатында деле ушундай болгон.
Sputniк редакциясында кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев аксакал жаш куракты эмес, адамдын аброюн билдирерин айтып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев
Президент ОФ Бакдоолот, кыргызовед Мелис Мураталиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев

Сөз башы

Нарктуу карыя болбосо, намыстуу жаштар болбойт. Салттуу коом түзүүдө карыялардын орду зор. Кийинки муунга тарбия берүүдө нарктуулукту кармап, үлгү болгон. Бул жагынан кейиштүү абалдабыз. Анткени ошондой нарктуу карыялардын саны азыр өтө эле аз. Коомдо азчылыкты көпчүлүк укпай да коёт эмеспи.
Кыргыз журтчулугунда карыялардын деңгээлине жараша аталыштары да бар эле. Бүгүн биз ошолорго да маани бербей, чаташтырып, ордун билбей эле айта беребиз. Мисалы, аксакал, абышка, чал деген сөз бар. Биздин түшүнүккө байланып калган чал-кемпир деген өтө орой сөз. Мурда кыргыз сөздөрдү орду-орду менен деңгээлине карата таасын айтып кайрылчу.
Жашы улгайган кишилердин баарын эле карыя дейбиз. Бүгүн биз сый көрсөткүбүз келсе, карыялардын баарына "аксакал" деп кайрылабыз. Ал эми күнүмдүк турмуш-тиричиликте "чал" деп коёбуз. Чал менен аксакалдын орду, айырмасы абдан чоң.

Аксакал

Аксакал — бул жашоодо көптү көрүп-билип, башынан бир катар жакшы менен жаман өткөн адам. Ал турмуштун ак-карасын ылгап, сырларын чече билген, жашоонун тереңдигин түшүнгөн. Кыйынчылыкта эли-журтуна багыт көрсөтүп, тоскоолдуктарда жол тапкан адам. Эл сөзүн уга билсе, айтарга кеби, акыл-кеңеши жана берерге батасы бар карыяны "аксакал" дейбиз. Аксакал — бул атайын ыйгарылган наам. Эл ичинде кадырлуу, барктуу инсан. Кээде ээгинен ылдый карай сакалы жайкалып турса эле "аксакал" деп ойлошот. Жок, ал өтө кары деле болушу керек эмес. Орто курактан өтүп, бирок ошол наамга деңгээли татыктуу болсо гана аны аксакал деп атайбыз.
Мураталиев: кыргыз үй-бүлөсү "эриш-аркак" философиясы менен бекем

Байбиче

Аксакал кандай кадыр-баркка ээ болсо, байбиче да ошондой даражадагы аялзаты. Ал элге кызматы сиңген кадырлуу эне даражасындагы аял. Жумурай журтка өзүнүн улуулугун көрсөтүп, аялдык, жубайлык, жеңелик милдетин так, туура аткарып, таасири эли-журтуна жетсе, анда ал "байбиче" болот.

Абышка

Эгер карыя киши жашоодон өз ордун тапкан, үй-бүлөсүнө сөзү өтүмдүү, турмуш-тиричилигин тыңдап, бирок таасири өзүнүн урук-тууганы менен эле чектелсе, анда "абышка" дейбиз. Абышка — эч кимге жаман сөзү, зыяны жок түз жүргөн карыя болот.

Кемпир

Кемпир — "абышка" сымал турмушта өз ордун тапкан, бала-бакырасы менен очор-бачар турмуш кечирип, ага-тууганына, жакындарына кадыры бар чоң энени кемпир деген.

Чал

Ал эми бул жалганда өз ордун таппай, эл-жерге, жадагалса, өз үй-бүлөсүнө батпаган, бала-бакырасына сөзү өтпөгөн кишини кыргыз "чал" дечү. Деңгээли начар карыя катары түшүнүшкөн. Бул сөздү күнүмдүк турмушта абайлап пайдаланышкан. Учурда өз ата-энесине деле чал-кемпир деп кайрыла берет. Бул туура эмес көрүнүш.

Мастан

Эркек затынын эң жаманы чал болсо, аял затыныкы — мастан. Жомоктордо мастан деп жезкемпир өңдүү аялдык эч бир касиети жок, жашоодо ордун таппаган начар аялзатын атаган.
Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Кыз тапкан үй көрктүү. Кыргыздагы жеңелер институтунун мааниси
Жаңылыктар түрмөгү
0