https://sputnik.kg/20220516/shvetsiya-menen-finlyandiyanyn-natogo-kirishi-kezektegi-kesepett-kata-bolot-1064441519.html
Рябков: Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши кезектеги кесепеттүү ката болот
Рябков: Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши кезектеги кесепеттүү ката болот
Sputnik Кыргызстан
РФ ТИМи Швеция, Финляндия коопсуздугу НАТОго киргенден кийин бекемделбестигин, ал эми дүйнөдөгү кырдаал кескин өзгөрөрүн айтты. 16.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-16T14:00+0600
2022-05-16T14:00+0600
2022-05-16T14:00+0600
дүйнөдө
финляндия
швеция
россия
нато
саясат
https://sputnik.kg/img/07e6/05/10/1064440694_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_1da6797966a5b741354f3d68dbc80277.jpg
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Швеция, Финляндиянын Түндүк атлантикалык альянска киришинин кесепети дагы көп жылга созула турган кезектеги ката болмокчу. Бул туурасында Россия ТИМинин жетекчинин орун басары Сергей Рябков айткандыгын РИА Новости жазды.Анын айтымына караганда, Швеция, Финляндия коопсуздугу НАТОго киргенден кийин бекемделбейт, ал эми дүйнөдөгү кырдаал радикалдык түрдө өзгөрөт.Кечээ Швеция менен Финляндия Түндүк атлантикалык альянска кире турганы боюнча биринин-артынан экинчиси маалымат таратты. Бирок буга НАТОго мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинен Италия нааразылыгын, Түркия каршы экендигин билдирген.Эскерте кетсек, Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.
https://sputnik.kg/20220516/bishshveciya-deputat-nato-1064441341.html
финляндия
швеция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/10/1064440694_187:0:2918:2048_1920x0_80_0_0_3d1e27c19ee69faf38ac317a231ee8b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, финляндия, швеция, россия, нато, саясат
дүйнөдө, финляндия, швеция, россия, нато, саясат
Рябков: Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши кезектеги кесепеттүү ката болот
РФ ТИМи Швеция, Финляндия коопсуздугу НАТОго киргенден кийин бекемделбестигин, ал эми дүйнөдөгү кырдаал кескин өзгөрөрүн айтты.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Швеция, Финляндиянын Түндүк атлантикалык альянска киришинин кесепети дагы көп жылга созула турган кезектеги ката болмокчу. Бул туурасында Россия ТИМинин жетекчинин орун басары Сергей Рябков айткандыгын
РИА Новости жазды.
Анын айтымына караганда, Швеция, Финляндия коопсуздугу НАТОго киргенден кийин бекемделбейт, ал эми дүйнөдөгү кырдаал радикалдык түрдө өзгөрөт.
"Швеция менен Финляндиянын НАТОго киришине Россия макул болуп, моюн сунуп калат деген иллюзия эч кимде болбошу керек", — деген Рябков.
Кечээ Швеция менен Финляндия Түндүк атлантикалык альянска кире турганы боюнча биринин-артынан экинчиси маалымат таратты. Бирок буга НАТОго мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинен
Италия нааразылыгын,
Түркия каршы экендигин билдирген.Эскерте кетсек, Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.
Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.