34 градуска чейин ысыйт. Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© AFP / DAMIEN MEYERТермометр. Архив
Термометр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Жазылуу
9-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. 9-май, дүйшөмбүдө, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +21...+26 градус болот.
Синоптиктер борбор калаада күндүн табы +30...+32, Ош шаарында +32...+34 градуска чыгарын айтышты.
Жеңиш Күнүнө арналган концерт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Бишкекте Жеңиш күнүндө ар улуттун өкүлдөрү концерт берет
Жаңылыктар түрмөгү
0