https://sputnik.kg/20220505/sadyr-zhaparovdun-kuttuktoosu-1064154483.html
Биримдик, аракет. Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады
Биримдик, аракет. Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады
Sputnik Кыргызстан
Президент жаңы Конституция мамлекеттик башкарууда олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, элдин жашоо-шартын... 05.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-05T10:38+0600
2022-05-05T10:38+0600
2022-05-05T10:46+0600
кыргызстан
садыр жапаров
конституция
куттуктоо
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0e/1050435091_0:0:2480:1395_1920x0_80_0_0_90c7c8e5a861bb2307ea1b3b90f12136.jpg
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.Жапаров кыргыз эли ар дайым акыйкаттыкты туу тутуп, адилеттикке умтулуп, эгемен Кыргызстандын өнүккөн мамлекет болуусун эзелтеден эңсеп, илгери үмүт менен жашап келгенин белгилеген.Президент бул Конституция мамлекеттик башкарууда жана мыйзам чыгаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, элдин жашоо-шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиз түзөрүн кошумчалаган."Биз үчүн ыйык болгон Ата Мекенибизди өзүбүз гана алга сүрөп, өз тагдырыбызды өзүбүз гана чечишибиз керек экенин аңдап-түшүнүүбүз кажет. Өлкөбүздү өнүктүрүү ар бир жарандын талыкпас аракетине, анын натыйжасында жаралган ийгиликтерге, ар бирибиздин үй-бүлө, мыйзам жана мекен алдындагы жеке жоопкерчилигибизге жараша болорун сезишибиз зарыл. Күч-аракетибизди бириктирүү аркылуу бардык кыйынчылыктарды жеңип, өлкөнү өнүктүрүүгө бет алган иш-аракетибизди андан ары ийгиликтүү уланта алабыз. Ошондуктан баарыбыз биргелешип, асыл ой-тилектерибизди ишке ашырууга чамдайлы!" — деген Жапаров.Мамлекет башчы жалпы кыргыз элине бекем ден соолук, узак өмүр, бакыт-таалай жана бакубат жашоо, ал эми өлкөгө тынчтык жана өнүгүү каалаган.
https://sputnik.kg/20220428/kurultaj-institunun-maani-manyzy-1063994702.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0e/1050435091_312:0:2261:1462_1920x0_80_0_0_13293d781bd848f7716d0a1750790544.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, конституция, куттуктоо
кыргызстан, садыр жапаров, конституция, куттуктоо
Биримдик, аракет. Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады
10:38 05.05.2022 (Жаңыртылды: 10:46 05.05.2022) Президент жаңы Конституция мамлекеттик башкарууда олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, элдин жашоо-шартын жакшыртууга укуктук негиз түзөрүн белгилеген.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Мамлекет башчы
Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров кыргыз эли ар дайым акыйкаттыкты туу тутуп, адилеттикке умтулуп, эгемен Кыргызстандын өнүккөн мамлекет болуусун эзелтеден эңсеп, илгери үмүт менен жашап келгенин белгилеген.
"Учурдагы Конституциябыз дал ушул адилеттикке умтулууну, теңчилик болушун шарттайт. 2020-жылдын октябрь окуяларында коюлган талап дагы, анын жыйынтыгындагы натыйжа дагы дал ошого байланыштуу. Кыргызстандын биринчи Конституциясына 1993-жылдын 5-майында кол коюлгандыгы жамы журтка белгилүү. Баш мыйзамга 2021-жылдын апрелинде болгон референдумдун жыйынтыгына да өткөн жылдын 5-майында кол коюлду. Жалпы элдик добуш берүүдө мекендештерибиз өлкөнүн көз карандысыздыгын, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды, жарандардын укуктары менен эркиндигин бекемдеген Конституция үчүн добуш беришкен. Кыргызстандыктар саясий системанын туруктуулугун, ата-бабалардын каада-салтынын сакталышын, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолун тандашты", — деп жазылган куттуктоодо.
Президент бул Конституция мамлекеттик башкарууда жана мыйзам чыгаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, элдин жашоо-шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиз түзөрүн кошумчалаган.
"Биз үчүн ыйык болгон Ата Мекенибизди өзүбүз гана алга сүрөп, өз тагдырыбызды өзүбүз гана чечишибиз керек экенин аңдап-түшүнүүбүз кажет. Өлкөбүздү өнүктүрүү ар бир жарандын талыкпас аракетине, анын натыйжасында жаралган ийгиликтерге, ар бирибиздин үй-бүлө, мыйзам жана мекен алдындагы жеке жоопкерчилигибизге жараша болорун сезишибиз зарыл. Күч-аракетибизди бириктирүү аркылуу бардык кыйынчылыктарды жеңип, өлкөнү өнүктүрүүгө бет алган иш-аракетибизди андан ары ийгиликтүү уланта алабыз. Ошондуктан баарыбыз биргелешип, асыл ой-тилектерибизди ишке ашырууга чамдайлы!" — деген Жапаров.
Мамлекет башчы жалпы кыргыз элине бекем ден соолук, узак өмүр, бакыт-таалай жана бакубат жашоо, ал эми өлкөгө тынчтык жана өнүгүү каалаган.